Түндүк Корея Жапония тарапка баллистикалык ракета аткандан кийин АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн учак ташыган атомдук кемеси Жапон деңизине бет алды. "Роналд Рейган" кемеси Түштүк Кореянын чыгыш ыптасында жайгашарын жергиликтүү маалымат булактары кабарлады.
Кеме буга чейин АКШ, Жапония жана Түштүк Кореянын биргелешкен аскердик машыгууларына катышкан. Ал машыгууга келгенден көп узабай Пхеньян Жапон деңизин көздөй ракета атты.
Орто аралыкка учуучу ракета Жапониянын аймагынын үстүнөн учуп барып океанга түшкөн. Токио түндүк чөлкөмдөрдө жашаган элге бомбадан калкалоочу жана башка жайларга жашынуу көрсөтмөсүн берген. Учактарга да тиешелүү эскертүү айтылган.
АКШ, Түштүк Корея жана Европа биримдиги Пхеньяндын бул аракетин катуу сындады.
Жыл башынан бери Түндүк Корея 23 ракета учурду. Ушуну менен Жапониянын үстүнөн жетинчи ракета учуп өттү.