Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:12

ДКО: Таяк тартыштан Кыргызстан үч алтын байге алды


Таяк тартыштан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болгон Келдибек Атайбек уулу (110 кг). Изник, Түркия. 30-сентябрь, 2022-ж.
Таяк тартыштан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын чемпиону болгон Келдибек Атайбек уулу (110 кг). Изник, Түркия. 30-сентябрь, 2022-ж.

Түркиянын Изник шаарында өтүп жаткан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 30-сентябрда кыргызстандык спортчулар үч алтын, үч күмүш жана үч коло байгеге ээ болушту.

Кыргызстандын Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, экинчи мелдеш күнүндө кыргыз спортчулары спорттун беш түрүнөн: аба күрөш, май күрөш, таяк тартыш, салттуу жаа атуу жана ат үстүндө жаа атуу боюнча таймашты.

Таяк тартыштан (мас-рестлинг) эркектер арасында Азамат Асанов (70 кг), Келдибек Атайбек уулу (110 кг), кыз-келиндер арасында Дилбара Иманканова (75 кг) Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болушту. Күмүш байгени кыз-келиндер арасында Назия Майлибашева (75 кг), коло байгени эркектер арасында Бакдөөлөт Абылов (80 кг) менен Улукбек Ырыспаев (+110) алды.

Аба күрөшү боюнча Кыргызстандын курама командасы үч байге алды. Ирлан Казыбек уулу (70 кг) менен Бактияр Кадырбек уулу күмүш байгеге ээ болсо, Шатман Эсенбек уулу (80 кг) 3-орунду ээледи. Май күрөш, салттуу жаа атуу жана ат үстүндө жаа атуудан жыйынтыктар кандай болгону азырынча белгисиз.

29-сентябрда башталган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-октябрга чейин уланат. Ага 102 өлкөдөн барган 3 миңдей спортчу катышууда.
Изникке Кыргызстандан 148 спортчу барды. Алар спорттун 11 түрү боюнча ат салышат.

Спортчулар ат оюндарында көк бөрү жана көкпар, күрөш боюнча - ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, бел боо күрөшү, кураш, мас-рестлинг жана жаа атуу боюнча мелдештерде күч сынашат. Ал эми тогуз коргоол жана кыргыз күрөшүнөн таймаштар көрсөтмө оюндары катары өтөт. (ECh)

XS
SM
MD
LG