Ирактын Күрдистан аймагында Ирандын өкмөттүк күчтөрүнүн 28-сентябрдагы бомбалоосунан улам кеминде 13 адам өлүп, 58 адам жараат алды. Бул тууралуу Ирандын IRNA мамлекеттик маалымат агенттиги кабарлады.
Анда айтылгандай, бул жолку соккулар Ирактагы күрддөрдүн аймактык борбору Эрбиль шаарында жана Сулеймания шаарына жасалды.
Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу 24-сентябрда да коңшу Ирактын түндүгүндө жайгашкан согушкерлердин базасына сокку урган. 28-сентябрдагы чабуулдар күрддөргө жасалган андан кийинки чабуул болуп калды. Чабуулдар күрд партияларынын кеңселерине жана күрд качкындарынын лагерлерине жасалууда.
Иранда 22 жаштагы Махса Амини аттуу студент кыздын өлүмүнө байланышуу тутанган башаламандыктар бир аптадан бери уланууда. 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы аны көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен. Амининин абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр анын катуу сабалганын айтып беришкен.
Амини туулуп-өскөн Курдистан провинциясында башталган толкундоолор бир катар шаарларга жайылып, ондогон адамдардын өлүмүнө алып келди.
Ирандын мамлекеттик Ислам революциясынын сакчылар корпусу бул тополоңдорду уюштурууга Ирактагы күрд топторун айыптап жатат. Ирандын өзүндө да күрддөр көп жана алар Ирак менен чек арага жакын аймактарда жашайт.
Ирактын Тышкы иштер министрлиги жана Күрдистандын аймактык өкмөтү Ирандын чабуулдарын кескин айыптап, Багдад Тегеранга каршылык нотасын жөнөттү. БУУнун Ирактагы өкүлү чабуулга байланыштуу өкүнүчүн жарыялады, АКШ Ирандын чабуулун “Ирактын суверенитетин бузуу катары” баалады. (ErN)