Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:07

Рим папасы украиналыктар зөөкүрлүккө жана кыйноого кабылып жатышканын айтты


Рим папасы Франциск. Архивдик сүрөт.
Рим папасы Франциск. Архивдик сүрөт.

Украиналыктар ырайымсыздыкка, зөөкүрлүккө жана кыйноого кабылып жатышканын Рим папасы Франциск 21-сентябрда ар апталык кайрылуусунда айтты.

Ватикандагы Ыйык Петр аянтындагы жалпы аудиенцияга чогулгандар алдында сүйлөп жатып ал украиналыктарды "азаптуу өлүмгө дуушар болуп жаткан асыл эл" деп атады.

Понтифик өз сөздүндө Орусияны атаган жок.

Украина соңку жети айдан бери Орус армиясынын чабуулдарына кабылууда, он миңдеген адам каза болгону, миллиондогон жай тургун согуштун айынан чет жактарга кетүүгө аргасыз болгону кабарланууда. (RK)

XS
SM
MD
LG