Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:40

Украина Запорожье АЭСи аткыланып, электр жарыгы өчкөнүн билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орус аскерлери Украинада басып алган Запорожье атомдук электр станциясын (АЭС) 21-сентябрга караган түнү да аткылап, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратканын станциянын ишине жооптуу украиналык мекеме билдирди.

«Энергоатом» ишканасынын маалыматында иштеп жаткан жалгыз реактор – №6 энергоблоктун жабдыгы жабыркаганы, ал Европадагы бул сыяктуу ири объектилердин бири экени айтылды.

«Электр энергиясы өчүрүлгөндүктөн отунду муздатуучу насостордун ишине жооптуу коопсуздук системасынын эки дизель-генератору авариялык абалга кептелди», – деп билдирди «Энергоатом».

Украинада иштеп жаткан төрт атомдук электр станция бар. Алардын бири – Запорожье АЭСи апрелдин башынан тартып Орусиянын көзөмөлүндө турат. Анын аймагы да тынымсыз аткылоолорго туш болуп жатат. Муну үчүн Москва менен Киев бирин бири айыптап келет. Эл аралык коомчулук станциянын айланасында куралсызданууга жана орус аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырууда. (RK)

XS
SM
MD
LG