Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:15

Жапон элчиси Маэда Сигекинин Кыргызстандагы миссиясы аяктады


 Маэда Сигеки жана Акылбек Жапаров.
Маэда Сигеки жана Акылбек Жапаров.

Жапониянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Маэда Сигекинин дипломатиялык миссиясынын аяктады. Буга байланыштуу аны 21-сентябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кабыл алды.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуу, Жапония Кыргызстанды өнүктүрүү жаатында мындан ары да колдоо көрсөтө берери талкууланды.

Элчи Жапонияга кыргыз балын жеткирүү көлөмү көбөйүп, ага кызыгуу артып жатканын белгиледи. Ошондой эле Жапониянын IT-компаниялары тарабынан Кыргызстанга инвестиция тартууга көмөктөшүү, эки өлкө ортосунда IT бизнесин өнүктүрүү максатында октябрда Токио, Осака, Фукуока жана Нагоя шаарларында семинарлар өтө турганын айтты. Аны Жапониянын Тышкы сооданы өнүктүрүү уюму (JETRO) уюштурууда.

Кыргызстан менен Жапониянын дипломаттык кызматташтыгы 1992-жылы башталган. Андан бери Токио Бишкекке бир катар долбоорлорду ишке ашырууда көмөктөшүп келатат.

Сигеки элчи болуп 2019-жылдан бери иштеди. (SE)

XS
SM
MD
LG