Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:34

Дунган жана өзбек коомчулугу Баткенге жардам жөнөтүштү


Чүйдүн Ысык-Ата районунда дунгандар жашаган Милянфан айылынын тургундары чогулткан азык-түлүктөр.
Чүйдүн Ысык-Ата районунда дунгандар жашаган Милянфан айылынын тургундары чогулткан азык-түлүктөр.

Кыргыз-тажик чек арасындагы кол салуудан улам коопсуз жакка көчүрүлгөн элге Кыргызстанда жашаган түрдүү этнос өкүлдөрү да гуманитардык жардам жөнөтүп жатат.

20-сентябрда Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Милянфан айыл аймагында жашаган дунган тектүү кыргызстандыктар эки фура азык-түлүктү Баткенге жиберишти. Бул тууралуу аталган айыл аймагынын башчысы Рустам Бегалиев "Азаттыкка" билдирди.

Ош облусунан да өзбек коомчулугу жалпы суммасы миллион сомдон ашуун азык-түлүк жана башка зарыл каражаттарды Баткенге жөнөтүштү. Бабур атындагы Ош мамлекеттик өзбек академиялык музыкалык театрынын жамааты "Сен жалгыз эмессин, Баткеним!" деген видеоролик даярдашты.

Бүгүнкү күндө республиканын аймагында гумжардам чогулткан 188 пункт иштеп жатат.

Баткенге соңку күндөрү жөнөтүлгөн 824 тонна гуманитардык жардамдын 528 тоннасын демилгечилер өз алдынча жеткирип беришкенин 20-сентябрда өкмөттүк штабдын басма сөз кызматы билдирген.

Маалыматта айтылгандай, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу 131 тонна гуманитардык жардам жеткирилди, мекеменин кампасында дагы 165 тонналык жардам сакталып турат.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта 59 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды. Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстан 41 жараны өлгөнүн 19-сентябрда расмий билдирген. "Озоди" өз булактарына таянып, чек арада каза болгон 59 адамдын тизмесин жарыялады. Жарадар болгондор жана талкаланган үй-жайлар тууралуу тажик бийлиги маалымат бере элек. Көз карандысыз булактардан бул маалыматтарды тактоо мүмкүн болбой жатат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Анын алдында Тажикстанда да ушундай билдирүү жарыялаган. (SE)

XS
SM
MD
LG