Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:39

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Арменияга барды


Нэнси Пелоси баштаган делегациянын Ереванга конгон учуру.
Нэнси Пелоси баштаган делегациянын Ереванга конгон учуру.

Азербайжан менен Армениянын ортосундагы куралдуу жаңжалдын фонунда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Ереванга иш сапар менен барды. Бул тууралуу эл аралык жана жергиликтүү басылмалар кабарлады.

Визит 19-сентябрга чейин созулат. Бул аралыкта Пелоси Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, бул өлкөнүн Улуттук жыйынынын спикери Ален Симонян жана башка жогорку аткаминерлери менен жолугат. Нэнси Пелоси Армения эгемендик алгандан кийин келген АКШнын эң жогорку аткаминери болуп калды.

“Конгресстин делегациясынын Арменияга визити АКШнын тынч, өнүккөн жана демократиялык Арменияны жактай тургандыгынын жана коопсуз жана туруктуу Кавказды көргүсү келеринин символу болуп саналат”, – деп жарыялады Нэнси Пелоси сапардын алдында.

Азербайжан менен Армениянын чек арасында абал 13-сентябрга караган түнү курчуган. Чек арадагы акыркы чыр-чатактан Армения 135 киши набыт болгонун, Азербайжан андан 77 аскери каза тапканын билдирди. Бул үчүн эки тарап бири-бирин айыптап, 15-сентябрда эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсү менен чек арада ок атышууну токтотууну макулдашкан.

Эки өлкө 2020-жылы Тоолуу Карабак аймагын талашып, катуу кагылышкан. Анда Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону айтылган. Жаңжалда Азербайжан Тоолуу Карабактагы мурда Армения көзөмөлдөп турган бир нече районду жана Шуша шаарын кайтарып алган.

Көп өтпөй Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин аталган чөлкөмдө ок атышууну токтотуу тууралуу келишимге кол коюшкан.

Ага ылайык, Армения менен Азербайжан макулдашууга кол коюлганга чейин өз аскерлери ээлеп турган аймактарды башкарып турмак болгон. Кесилишкен тилкени Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү кайтарып жатат.

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакты талашып, алгач 1980-жылдары согушкан. Жикчил аймактагы 1988-1994-жылдардагы согушта 30 миңдей адам өлгөн, 100 миңден ашуун адам качкын болгон же жер которгон. (ErN)

XS
SM
MD
LG