Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:43

Орус абактарындагы согуш азгырыгы. "Артка качсаң атыласың"


Орусияда түрмөдөгүлөрдү согушка азгырып жатат делген киши. Видеодон алынган кадр.
Орусияда түрмөдөгүлөрдү согушка азгырып жатат делген киши. Видеодон алынган кадр.

Орусиядагы оппозиция лидери, камактагы Алексей Навальныйдын тарапташтары жана бир катар Телеграм-каналдар, "Медуза" басылмасы 14-сентябрда түрмөдө отургандарды Украинадагы согушка азгыруу жүрүп жатканы тартылды деген видео таратты.

Навальныйдын командасы жарыялаган тасмада Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын санаалашы, олигарх Евгений Пригожинге түспөлдөш адам Марий Эл республикасындагы жаза өтөөчү жайлардын биринде камактагыларды Украинадагы согушка азгырып жатканын көрүүгө болот.

Көз карандысыз эксперттердин текшерүүсүнөн өтө элек бул видеону качан жана ким тартканы белгисиз. Анда сүйлөп жаткан адам чын эле Пригожин экенин ырастаган далилдер да жок.

Сапаты анча жакшы эмес тасмада сүйлөп жаткан адам түрмөнүн короосунда чогулгандарга аскердик аракеттерге катышуунун жол-жобосун, эрежелерин түшүндүргөн.

"Мен жеке менчик аскердик компаниясынын өкүлүмүн. Уксаңар керек- “Вагнер” менчик аскердик компаниясы" деп аталат. Бул согуш кыйла оор. Чечен согушуна же башкаларына такыр окшобойт. Сталинград салгылашуусуна салыштырмалуу менин курал-жабдыгым эки жарым эсе көп короп атат",-деп сүйлөгөн ал.

Тасмага тартылып калган адам кызмат маалында мародерлукка, алкоголь жана маңзат колдонууга, жергиликтүүлөр менен сексуалдык байланышка барууга, туткунга түшүүгө жана дезертирликке тыюу салынарын эскерткен. Ошондой эле согуш талаасынан качкандар дароо жеринен атыларын айткан.

Видеодогу адам жарым жыл согушкандан кийин камактагылардын соттуулугу жоюуларын да убада кылган. Анын айтымында, аскердик аракеттерге 22-50 жаштагылар тартылат. Андан жашырактарын туугандарынын кагаз жүзүндөгү макулдугу менен ал эми жашы өткөндөрдү ал-күчүнө карап алса болот.

Новосибирск аймагындагы абак жайлардын биринде жазасын өтөп жаткандар.
Новосибирск аймагындагы абак жайлардын биринде жазасын өтөп жаткандар.

Сүйлөп жаткан киши белгилегендей, алгачкы жолу Санкт-Петербург шаарынан барган 40тай жазасын өтөп жаткан адам Углегорск шаарындагы жылуулук электр станциясына жасалган чабуулга катышкан.

"1-июнда Углегорск жылуулук электр станциясына жасалган чабуулда көп жолу соттолгон, катаал режимде отурган 40тай киши катышкан. Алардын үчөө мерт кетип, жетөө жарадар болду. Өлгөндөрдүн биринин жашы 52де болчу. Отуз жыл түрмөдө отурган. Баатырларча курман болду. Силерди бул жактан ким тирүү чыгара алат? Кудай табытыңарды чыгарат. Мен болсо силерди тирүү алып кетем, бирок баарыңарды тирүү кайтара албайм" - деп согушка азгырган адам камактагыларга ойлонуп, чечим кабыл алууга беш гана мүнөт берген.

Буга чейин орус абактарында Украинадагы согушка азгырүү жүрүп жатканын бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Августтун башында "Медиазона" басылмасы бул тууралуу Ярослав жана Тула облустарынын абактарында жазасын өтөп жаткандардын сөздөрүнө таянып кабарлаган. Анда да Пригожинге окшош адам тууралуу сөз болгон.

Олигарх өзү мындай дооматтарды, дегеле "Вагнер” менчик аскердик компаниясы менен байланышын четке кагып келет.

"Вагнер" менчик аскердик компаниясы олигарх Евгений Пригожинге таандык экени, анын жалданма аскерлери Украинада, Сирияда жана Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир катар маалыматтар байма-бай чыгып жүрөт.

Расмий маалыматка караганда, Орусиянын абактарында 1033 кыргыз жараны отурат (анын 35% баңгизат менен). Ошондой эле 900гө чукул кыргызстандык тергөө абактарында (соттоло элек) камалган.

"10 миңден ашуун соттолгондор Украинадагы согушка азгырылган"

Орусияда түрмөдөгүлөрдү азгыруу эки жарым айдан бери жүрүп жатат. Бул тууралуу "Русь сидящая" фондунун негиздөөчүсү жана укук коргоочу Ольга Романова "Настоящее время" каналына курган маегинде айтты.

Анын сөздөрүнө караганда ушул күнгө чейин 10 миңдей жазасын өтөп жаткан адам Украинадагы согушка тартылган.

"Алар азыр баарын азгырып жатышат. Ушул дем алыш күндөрү эле Новгород облусундагы жаза өтөөчү жайдан 70 киши жөнөтүлдү. Алар эң төмөнкү түрмө иерархиясынан чыккандар, тактап айтканда сексуалдык зордук-зомбулук үчүн кесилгендер. Мурда мындай болгон эмес. Алардын бири менен сүйлөшүп калганга үлгүрдүм. «Эмнеге баратасың ал жакка? Жок дегенде биз салып жиберген тамак-ашты күт» десем. Ушинтип отура бергенден көрө өлүм артык экенин айтты. Айтайын дегеним, азыр баарын согушка тартып жатышат. Маңзат, сексуалдык зомбулук беренелери боюнча кесилгендерди дагы жөнөтүшүүдө".

Романова белгилегендей, учурда Орусиянын абактарында 600 миңдей адам жазасын өтөп жатат. Мындан улам Украинадагы согушка азгырылган камактагылардын саны дагы өсүшү мүмкүн экенин боолголойт ал.

"Вагнер” борборазиялыктарды да согушка азгырууда

Мурдараак Орусиядагы “Вагнер” менчик аскердик компаниясы Борбор Азия өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан жарандарды согушка азгырып жатканы ачыкка чыккан.

Украиналык аскердик кабарчы Юрий Бутусов 10-сентябрда өз каналында жарыялаган видеодо эки өзбекстандык кармалганы көрсөтүлгөн. Алардын колу-буту, көзү-башы байланган, аскерлер сурак кылып жатат. Туткунга түшкөндөр Өзбекстандан экенин айтышкан.

Бул видео социалдык тармактарга тарагандан кийин Өзбекстандын Киевдеги элчилиги өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине окуя тууралуу кенен маалымат алуу үчүн нота жөнөттү.

Орус күчтөрүнүн катарында согушуп жаткан аскердик жеке компаниялардын түзүмүнүн курамында кыргыз, өзбек, казак, тажик жарандары мерт болгону же кармалганы тууралуу маалыматтар буга чейин да чыккан. Бирок туткунга түшкөндөрдүн видеосу чыга элек болчу.

Буга чейин Өзбекстандын Москвадагы элчилиги өзбекстандыктарга кайрылып, чет мамлекеттердин аймагында ыктыярдуу батальон түзүп же согуштук аракеттерге катышкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскерткен. Ага чейин Өзбекстандын Тышкы эмгек миграция боюнча агенттиги жарандарды Орусияда жумуш тандоодо этият болууга чакырган.

Кыргызстандагы “МедиаХаб” коомдук фондунун кабарчылары Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын Украинадагы согушка тартып жаткан орусиялык компанияларды аныктап чыккан.

XS
SM
MD
LG