Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:43

Абдиев: ИИМ балдарга карата зомбулуктун алдын алууну күчөттү


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 13-сентябрда Жогорку Кеңеште билдирди. Ага ылайык, быйыл жети айда балдарга карата сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлдү. Балдарды зордуктоо фактысынан улам 39 кылмыш иши тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда.

Кадамжайда киши колдуу болгон 14 жашар Айдай Кочкорова тууралуу Башкы прокуратура, ИИМ баштаган орган-мекемелердин өкүлдөрү парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети Социалдык саясат комитети менен чогуу өткөргөн жыйынында маалымат берип жатат.

Үрөй учурган окуя Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон жана облустук милиция 5-сентябрда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын билдирген. Кылмышка шек саналып жалпысынан төрт киши кармалган.

Президент Садыр Жапаров бул иш анын жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катышы барлар жазасын аларын айткан.

Башкы прокуратура күнөөлүүлөр өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерткен.

XS
SM
MD
LG