Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:19

ЖК министр кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин колдоду


Гүлнара Баатырова
Гүлнара Баатырова

Жогорку Кеңеш 7-сентябрдагы сессияда саламаттык сактоо министри кызматына Гүлнара Баатырованын талапкерлигин бир добуштан колдоду. Талкуу маалында депутаттар бул тармакта башталган реформалар, дары-дармек менен камсыз кылуу жана анын баасы, тез жардам кызматы, кадрларды даярдоо, гемодиализ, орган алмаштыргандарга байланыштуу маселе көтөрүштү. Депутат Адахан Мадумаров Кыргызстанда саламаттык сактоо тармагы оорулардын алдын албай, кызмат көрсөтүү менен алек болуп калганын айтты. Дары мафиясы, ооруну аныктоо менен анализдерди тапшыруу маселесин козгоду.

"Дарыгерге барганда "курут" кылып жатканы - анализ тапшыр дегени, үч күн мурдагы анализи жарабайт дагы, кайда барып тапшырыш керек экенин дагы айтып беришет. Муну бизнес кылып алышты. Дарылабай туруп эле анализ тапшыр деп отуруп, 25-30 миң сом кагып алат. Дары мафиясы дагы ушундай", - деди Мадумаров.

Гүлнара Баатырова дарыгерлер менен лабораториялардын ортосунда бонус системасы бар экенин билдирди.

"Бул эч кимге жашыруун эмес, бардыгыбыз эле билебиз. Дарыгерлер менен лабораториялардын ортосунда бонус системасы бар. Ушундан оолак болушубуз керек. Кымбат баадагы текшерүүдөн өткөндө дагы ушул маселелер бар. Бул боюнча жумушту алып барабыз", - деди Баатырова.

Президент Садыр Жапаров Баатырованы министрдин милдетин аткаруучу кызматына 23-августта дайындаган.

59 жаштагы Баатырова 1986-жылы Кыргыз мамлекеттик медицина институтун аяктаган. Өмүр баянында 1986-1988-жылдары Бишкектеги №2 шаардык клиникалык ооруканасында иштегени, 1988-2001-жылдары Кара-Суу районундагы борбордук бейтапканада терапевт, бөлүм башчы, жетекчи болгону көрсөтүлгөн. 2001-2013-жылдары Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна директор болгон.

2004-2011-жылдары Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, төрайымы болуп турган. Соңку жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү (2011-2021) да болгон. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык аккредитациялык комиссияны жетектеген.

Июнь айында убактылуу ишинен четтетилген саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 19-августта кызматынан алынып, министрдин милдетин Жаркынбек Касымбеков аткарып жаткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG