Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:50

Нур-Султанда Январь окуясы боюнча арыз жазууга келгендер кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

6-сентябрда Казакстандын Нур-Султан шаарында президенттик администрацияга арыз жазганы келген 20дай адамды полиция кармап кетти.

“Азаттыктын” казак кызматы алар Январь окуясында каза болгондордун жакындары экенин, арыз жазуу үчүн Тараз, Кызылорда, Алматы жана Талдыкорган шаарларынан келгенин билдирди.

Кармалгандар борборго буга чейин да келип, бирок анда бийлик ар кандай убадаларды берип кетирген. Алар Январь окуясында каза болгон жакындарын, кармалгандарды актоо талабын коюп арыз жазууну максат кылышкан.

“Азаттык” Нур-Султан шаардык ички иштер башкармалыгына кайрылууга аракет кылып, бирок жооп ала алган жок. Алматы райондук милициясынын өкүлү кармалгандар боюнча тергөө иштери жүрүп жатканын, башка эч нерсе айта албай турганын билдирди.

Быйыл 2-январда Казакстандын Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер болгон. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Бир нече шаарда акцияга чыккандарды аскерлер жана полиция күч менен басып, башаламандык чыккан. Расмий маалымат боюнча, тоз-тополоңдо 238 адам каза болгон. 1-августта прокуратура Январь окуясы боюнча айыпталган 92 адам абакка кесилгенин кабарлаган.

XS
SM
MD
LG