Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:46

Бөтөн талаага мал жайууга айып пул каралган мыйзам долбоору даярдалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети 5-сентябрда "Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорду карап, биринчи окууда концепциясы жактырылды. Документтин автору Дастан Бекешов анда бирөөнүн талаасына, короосуна мал жайгандарга айып пул салуу сунушталып жатканын айтты.

"Айып пулдун өлчөмү жеке жактарга 30 миң сом, юрдикалык жактарга 70 миң сом, эгер экинчи ирээт кайталанса анда айып пулдун өлчөмү көбөйөт. Анда жеке жактар 35 миң сом, ал эми юридикалык жактар 75 миң сомго айып пул салынат. Ошол айып пулдун бештен бир бөлүгү жер ээсине берилет деп жазылган. Азыр ушундай эле берене бар, анда "атайлап, же кокусунан" деп жазылган, бирок комиссиялар тактаганда талаштуу болуп жатат. Комиссия жергиликтүү депутаттардын жери болсо гана карап, карапайым элдикин карабай койгон учурлар да бар экен. Ошондуктан эрежени такташыбыз керек. Бизде чөп тартыш болуп калат, ошондуктан малдын ээси жок дегенде талаанын ээсинен малын жайганга уруксат сураса. Бул жерде бирөөнүн мээнетин сыйласа",-деди Бекешов.

Айрым депутаттар бул маселе жаңжалдарга негиз болуп калышы ыктымалдыгын, кээ бир жоболор такталышы керектигин эскертишти. Мындан улам экинчи окууга чеийн жер-жерлерде фермер-дыйкандар жана жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен талкууларды уюштуруп, сунуштар чогултулмай болду.

XS
SM
MD
LG