G7 – “Чоң жети” уюмуна кирген өлкөлөр Орусиянын мунайынын баасына чектөө киргизүүнү макулдашты. Бул тууралуу Улуу Британиянын өкмөтүнүн сайтында жарыяланган билдирүүдө айтылат. Эгерде Орусиядан мунай белгиленген чектен кымбат сатылып алынса, аны деңиз аркылуу ташууга тыюу салынат.
“Мунайдын баасына чек Орусиянын кирешесин жана Украинадагы согушту каржылоосун азайтуу үчүн коюлуп жатат. Ошондой эле дүйнөдөгү энергиянын баасына, өзгөчө кирешеси төмөн жана орто өлкөлөргө тийгизген таасирин чектөө үчүн киргизилүүдө”, - деп айтылат билдирүүдө. Мунайдын баасынын чеги азырынча иштелип чыга элек.
Орусия Украинага согуш ачкандан кийин АКШ жана Евробиримдик орус мунайына карата экономикалык санкцияларды киргизген. Бул Орусиянын мунай экспортунун азайышына жана эл аралык мунай рыногунда баанын көтөрүлүшүнө алып келди.
Июль айында Эл аралык энергетика агенттиги Орусиянын мунай экспорту өткөн жылдын августунан берки эң төмөнкү деңгээлге түшкөнүнө карабастан, Москванын экспорттук кирешеси июнь айындагы баалардын жогорулашынан 700 миллион долларга көбөйгөнүн, бул 2021-жылдагы орточо көрсөткүчтөн 40 миллион долларга жогору болгонун билдирген.
Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, жыл башынан бери Орусиянын мунайдан түшкөн кирешеси 50% көбөйдү.
Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери бул маселени орус мунайынын баасын чектөө жолу менен чечүүнү сунушташты. Бирок ал кандай ишке ашары азырынча белгисиз. Мунай рыногунун айрым аналитиктери глобалдык энергетикалык кризис коркунучу тууралуу эскертип жатышат.
Орусия буга чейин орус мунайына болгон баага чек коюлса мунай жеткирүүнү толугу менен токтоторун билдирген.
“Чоң жети” уюмуна Улуу Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Япония жана АКШ кирет. Көптөгөн өлкөлөр Орусия Украинага басып киргенден кийин ага каршы санкцияларды салган. Бирок орус мунайынын негизги керектөөчүлөрү - Кытай жана Индия жеңилдик алуу менен Орусиядан импортту рекорддук деңгээлге көтөрүштү.