Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:44

Харьковдо Орусиянын ракетасынан спорттук арена талкаланды


“Локомотив” спорт комплекси аткылоодон кийин.
“Локомотив” спорт комплекси аткылоодон кийин.

Орусиянын ракеталык соккусунан улам Украинанын Харьков облусундагы олимпиада чемпиондорун даярдоо боюнча спорттук арена талкаланды. Бул тууралуу облустун губернатору Олег Синегубов билдирди.

“Орусия Холодногорск районундагы “Локомотив” спорт комплексин С-300 үлгүсүндөгү ракета менен атып талкалап салышты. Бул дүйнөлүк спорт аренасы. Анда биздин синхрондуу сууда сүзүү боюнча чемпиондор машыгат. Бул жерде спорттун ар кандай түрлөрү боюнча дүйнөлүк жылдыздар, Олимпиада оюндарынын жеңүүчүлөрү өз өнөрлөрүн тартуулашкан”, - деди ал.

Харьковдогу Георгий Кирпа атындагы “Локомотив” спорттук аренанын курулушу 2003-жылы башталып, бир жылдан кийин ачылган. Курулушка болжол менен 50 миллион доллар сарпталган. Спорттук жай 5000 орунга ылайыкталган.

Харьков күн сайын Орусиянын аскерлеринин аткылоосуна кабылууда. Москва көптөгөн далилдерге карабастан, Украинада жайкын тургундарга, жарандык объектилерге сокку урбаганын кайталап келет.

Быйыл 24-февралда Орусия Украинага каршы согуш ачкан. Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны “демилитаризациялоо” жана “денацификациялоо”, ошондой эле өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” ("ДНР"), “Луганск Элдик Республикасы” ("ЛНР") деп атап алган жикчил түзүмдөрдүн тургундарын “геноцидден” бошотуу зарыл экенин жарыялаган. Бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес.

XS
SM
MD
LG