Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:23

Украина орус армиясынын аскердик кампаларына сокку урду


Украинанын Куралдуу күчтөрү. Иллюстрациялык сүрөт.
Украинанын Куралдуу күчтөрү. Иллюстрациялык сүрөт.

Украинанын Куралдуу күчтөрү Орусиянын армиясынын аскердик кампаларына, абадан коргонуу жана командалык пункттарына бир катар соккуларды урду. Бул тууралуу “Азаттыктын” украин кызматы Украинанын Түштүк аймактагы оперативдүү командачылыгына шилтеме берип жазды.

“Биздин ракеталык жана артиллериялык бөлүкчөлөр эки командалык пунктка, эки ок-дары кампаларына, абадан коргонуу системаларына, радар станциясына жана душмандын артиллериясы топтолгон аймактарга чабуул жасашты”, - деп айтылат маалыматта.

Украинанын Куралдуу күчтөрү түштүк фронтто контрчабуул баштаганына эки күн болду. Алар алгач Херсон облусундагы көпүрөлөрдү талкалап, Днепр дарыясынын оң тарабындагы орус аскерлерин арт жактагы күчтөрү менен байланышсыз калтырды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский да түштүк облустарда оккупациялык күчтөрдү сүрүп чыгаруу үчүн контрчабуул башталганын билдирген.

Орусия 24-февралда кол салгандан кийин Украинанын түштүк облустарынын бир топ бөлүгүн басып алган. Анын ичинде Херсон облусунун да көпчүлүк аймагын ээлеген.

XS
SM
MD
LG