Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:02

“Тарыхты аш-той менен өлчөп калдык”    


1938-жылы "улутчул, эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгүн кайра жерге берүү. 1991-жыл. Бишкектин Эски аянты. Мамлекеттик архивдин сүрөтү.
1938-жылы "улутчул, эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгүн кайра жерге берүү. 1991-жыл. Бишкектин Эски аянты. Мамлекеттик архивдин сүрөтү.

Кыргызстан эгемендигинин жарыялардан бир күн алдын, 1991-жылы 30-августта Бишкектин Эски аянтында 1938-жылы "улутчул, эл душманы" деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгүн кайра жерге берүү расмиси өткөн.

Жумагул Байдилдеев.
Жумагул Байдилдеев.

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент Жумагул Байдилдеев сталиндик репрессияда жазыксыз жерден жайран болгондор тууралуу изилдөө, аларга берилген тарыхый жана укуктук баа тууралуу маек курду.

- 1991-жылы 30-августта, Бишкектин эски аянтында 1938-жылы улутчул эл душманы деген жалаа менен атылган 137 адамдын сөөгү кайра жерге берилген. Кыргыздын кыйындарынын сөөгүн ак кепиндеп кайра жерге берген окуя өз учурунда ошол кездеги советтик өлкөлөрдөгү чоң окуялардын бири деп айтсак болот. Бул окуялар ошол кезде коомдук аң сезимге канчалык таасир этти эле?

- Биз 70 жыл СССР империясынын тушунда турдук. Эгемендикке жеткен мезгилде бул инсандардын бейнеси аябай чоң болду. 1990-жылдан 1995-жылга дейре бул инсандарыбызды аябай баалап-барктадык. Көчөлөргө, жогорку окуу жайларга аттарын коюп, өмүр жолун изилдеп, жакшы иштер башталды. Совет доорунда алар жөнүндө сөз да айтылчу эмес. Керек болсо анын урпактары да мен ушул инсандын баласымын деп айткандан айбыгышчу. 1991-жылы архивдер ачылды бир сыйра, бирок 1995-жылдан кийин кечээ кийинкиге чейин эле дымыгуу мезгили болду.

Биз кайра унутуп, мурунку атын коюп койдук. Ошол 90дон 95-жылга чейин эле айтылгандар боюнча чампалап келе жатабыз. Буларды кенен иликтеген жокпуз. Бейнесин толук ачкан жокпуз. Мына кечээги эле окуяны айталы. Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгын. Биз бул кишинин бейнесин дагы деле кенен бере алган жокпуз. Болгону университетке, президенттин алдындагы Башкаруу академиясына аты коюлду. Биз чоң иштерди кыла элекпиз.

Биз эгемендикке жеттик. Андан кийинки 20 жылдан бери мен ушул теманы иликтеп жүрөм. Бул кишилердин бейнеси дагы деле иликтене элек. Керек болсо мына ошол эле инсандар, төрт-беш эле киши мамлекетти түптөмөк эмес. Алар кырк-элүүдөй киши болчу. Аттары көп айтылган бир ууч топ менен чогуу жүргөндөрдүн бардыгы көмүскө калды. Биз маараке десе эле жүз жылкы союп, эки жүз боз үй тиге калып эле, кайра он беш жыл артка кеттик. Бизде прогресс болгон жок. Биз регресске түшүп жатабыз.

- Мына ушул табылган сөөктөрдүн арасында атактуу жазуучу Айтматовдун атасы Төрөкул Айтматов да болгон. Ата-Бейит деген атты дагы Айтматов сунуштаган экен. Ата-Бейит КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден бир көрүстөнү. Башка ушундай массалык көмүлгөн жайлар табылды беле?

- Ошол постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен 15 союздук республиканын баарында репрессия болгон. Бирок мындай табылганы жалгыз гана Кыргызстанда болгон. Калгандарынын дареги дагы эле табылбай, ушул жерде көмүлгөн, ушул жерде аткан деген эле имиш-имиш бар. Кыргызстандын бардык жеринде канчалаган кишилер атылды, алардын сөөгүн да азыр таппай жүрүшөт. Мисалы, ошол эле Абдыкадыр Орозбековдун сөөгү кайсы жерде экендиги аныктала элек.

Мисалы, Нарын суунун жээгине көмүшкөн. Көлдө болсо Күрмөнтүгө көмгөн. Ар кандай шахтыларга көмүшкөн. Бирок ал жерлерден кимдир бирөөнүн сөөгү анык табылат деп айта албайбыз.

Маектин аудиосун бул жерден угуңуз:
“Тарыхыбызды тактасак, мамлекет чыңдалат”
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:41 0:00

Мындай далилдүү мүрзө Ата-Бейит табылганына 31 жыл болду, ал жерде атайын комплекс, музей да курулган. 2019-жылы Алматыга жакын отуз километр жерде Жаңырт деген айылда куугун сүргүндөрдүн музейи ачылды. Бул Алматы облусунун эле музейи. Жалпы Казакстандыкы эмес. Ошондой эле музей Чымкентте да бар өзүнчө. Нур-Султан шаарында бар, Карагандыда да бар. Ар бир облуста өзүнчө. Аларга салыштырмалуу биздин Ата-Бейиттеги музейибиз, күйгүзүп айтып коюшум керек, өтө жупуну болуп калат да.

Ушул отуз жылда музейибизди жакшы музей кыла алган жокпуз. Анан биз репрессия курмандыктары жөнүндө баянды кийинки муунга кантип жеткиребиз? Азыр ал жерге окуучулар, студенттер, сырттан келген чет өлкөлүктөр барат. Аларга биз эмнени көрсөтөбүз? Ушул теманы изилдеген илимпоз катары айтып коёюн - биздин кайдыгерлигибизди ушундан эле билсек болот. Калганын айтсак түшүнөбү, түшүнбөйбү?

- КГБ архивдери азыр деле жабык бойдон турат ээ?

- Туура.

- Канча киши атылып, канча киши репрессияланды? Абактан кесилгени, алардын кийинки тагдыры тууралуу изилдегенге жетиштикпи отуз жыл ичинде?

- Отуз жыл мурун Улуттук коопсуздук комитетинин эшиги ачылып, урпактарын президент өзү тосуп алып, конфискациялаган мүлкүнө, акчасына чейин кайра берген. Анан эле кийин ага бирөө кеңеш бергенби, же кандай, 1995-жылдан дымыгуу мезгили башталды, архивдер жабылды.

Азыр улуттук мындай көйгөй Казакстанда, Өзбекстанда деле бар. 80 жылдан ашып кетти. Муну биз иликтешибиз керек. Анан бири-бирин каралаган, күнөөлөгөн документтер бар дешет, бирок азыркылар деле бири- бирин күнөөлөп, ачык эле бетке айтып жатпайбы. Биз тарыхтын акыйкатын үтүр-чекитине чейин билишибиз керек да.

Улуттук коопсуздуктун комитетинин архиви, Борбордук мамлекеттик архив бар бизде, алардагы документтердин купуялыгын жоюп, ачык коюп бериш керек, биз сыяктуу илимпоздор чындыкты элге жеткириши керек. Биз далилди, материалдарды ала албай жатабыз, колубуз жетпей жатат. Биз азыр болгон материалдардын 50% да иликтей элекпиз. 1901-жылы Жусуп Абдрахманов төрөлгөн, баланчанчы жылы Кызыл Аскерде болгон деп чампалап айткан илимпоздор толтура.

Экинчи маселе, мамлекетти түптөгөн кишилер аябай кыйын инсандар болгон. Алар Кыргызстан менен эле чектелген эмес. Бир туруп Алматыда, бир туруп Ташкентте иштеген. Ошол кезде Түркстан АССРинин борбору Ташкент болгон. Жети-Суу облусунун борбору Алматы болгон.

Москвага барышкан. Борбордон түз көрсөтмө алып турушкан. Жусуп Абдрахмановдун өмүр баянын иликтейин десем, канчалаган мамлекеттик архивдерге барышым керек. Демек, бөлөк мамлекеттердин архивдеринен да алышыбыз керек. Мен канча президентке кайрылуу кат жаздым. Орусия Федерациясынын президентинин архивинде репрессия болгондордун өзүнчө 44 папкадан турган делосу бар. Анда биздин Баялы Исакеев, Жусуп Абдрахманов баштаган жетекчилерге тиешелүү укмуш делолор турат.

Мен убагында президенттик аппараттын башчысына чейин кайрылдым. Алар чынын айтканда, тынч жүр деген мамиле кылды. Тышкы иштер министрлигине чалдым, башкасына чалдым, эч кимиси көңүл бурган жок. Азыркыга чейин кайрылып жатам. Мамлекет, биздин мүмкүнчүлүктү пайдалана албай жатат. Тарыхты иштеш, архивди казыш түмөн түйшүктүү эмгекти талап кылат. Көз майын коротуп иштөө керек.

- КГБ архивдери коңшу, мурдагы советтик өлкөлөрдүн көбүндө жабык. Муну ачуунун кандай эрежеси бар?

- Ал кезде мындай болгон, бардыгы белгилүү. Мисалы, Өзбекстан, Орусия, Казакстан деле, “эл душмандарына” тийиштүү маалыматтардын баарын Союз учурунда “бүт бойдон купуя (совершенно секретно)” деген гриф менен сактап келген. Бир эле Баш прокуратура же болбосо Ички иштер министрлиги муну ачык чыгарып койбойт. Муну чыгарыш үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде ушул 20-50-жылдардагы куугунтукталган, кулакка тартылган бай-манаптардын да бардыгын актоо боюнча мыйзам долбоору даярдалган. Мына Каныбек Иманалиев баштап, бүт мыйзам долбоору иштелген. Бирок ошол кездеги 120 депутаттын көр пендечилиги болдубу, мыйзамды өткөрбөй коюшту. Атайын Жогорку Кеңештин мыйзамы менен баары акталышы керек. Ошондо баары ачыкка чыгат.

Азыр коркуп жаткан себеби мындай. Улам укук коргоо органдарына келген жетекчи мурдагы жоболор менен кала берүүдө. Архив десе эле, аны ача албайт, андай мыйзам бар болсо ачып беребиз дейт. Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзам долбоорун карап туруп эле бекитип берсе, акырындык менен бир-эки жылда ачылса, дагы бул өтө жакшы болот эле.

- XX кылымдын башындагы кыргыз мамлекетинин кайра жаралышына салым кошкон тарыхый инсандар жөнүндө айтып жатып сиз алардын Алматыда, башка республикаларда иштегенин айтып кетпедиңизби. Жакында эле өзүңүз дагы архивдерди кыдырып Алматыга барып келдиңиз окшойт?

- Туура.

- Жаңы эмне табылгаларды таба алдыңыз?

- Мен 22 жыл бою Кыргызстандын архивдеринде иштегем. Мен кыйраттым деп жүрүптүрмүн. Көрсө, мен деле эч нерсени бүтүрбөптүрмүн, азыр мойнума алайын. Анткени Казакстандын архивин караш деле өтө кыйын, анткени чет өлкөнүкү. Өзүбүздүн архивде 22 жыл иштеп жүрүп, архивди жакшы карай албайт экенбиз.

Азыр менин сөзүмдү угуп турган илимпоздордун баары муну мойнуна алат. Биз өзүбүздүн темабызга тиешелүү бир-эки тарыхый маалыматты алып эле доктордук, кандидаттык иш жактасак, отура берет экенбиз да. Архивди кыйратып карабайт экенбиз да. Мен ушул акыркы эки ай ичи Алматынын архивинде көп отурдум. Аябай көп документти таптым. Мурдагыларды карадым.

Былтыр Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата архивдик документтердин жыйнагы чыкты. Быйыл Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдыгы болгону жатат. Мамлекеттик инсандардын жолун карап отуруп, көп маалыматтарды таптым. Быйыл 1922-жылы түзүлгөн Кыргыз Тоолуу автоном облусубуздун 100 жылдыгы. Бул боюнча бир ачык сөз айткан да жокпуз.

Мына эки жылдан кийин 2024-жылы Кара Кыргыз Автоном облусунун же мамлекетибиздин жүз жылдыгы болот. Ошого бүгүнтөн даярданышыбыз керек. Бир ай калганда жүз боз үй тигип, жүз жылкы соё калгандан кетсек болот эле. 1920-жылдан 25-жылга чейин Кыргыз АССРи болгон. Борбору Оренбург шаары болгон. Аты эле кыргыз деген менен, негизи казактардыкы болчу. Казактардын белгилүү интеллигенциясынын баары Оренбургга кеткен. Кыргыз интеллигенциясы болсо ошол убакта Түркстан АССРинде, Жети-Суу облусунун курамында, борборубуз Верный, Алматы шаары болгон. Ошол кезде Жусуп Абдрахманов баштаган инсандар болгон. Бул жерде мен кыргыз инсандарынын өтө ынтымактуу иштешкени жөнүндө документтерди таптым.

Жусуп Абдрахманов бей-бечаралар, жарды-жарчылар уюмуна Данек Иманов деген белгилүү биздин агартуучубузду Караколдон алып барып отургузуп жатат. Ишенаалы Арабаевди, Садык Чоңбашев, Алматыны бүт кыргыз интеллигенциясы тейлеген. Архивдик документтерде укмуш материалдар бар. Мына булардын биргелешкенин билсек болот. Болгон кыйын иштердин баарын, мисалы Арабаев десе биз агартуучу деп эле билебиз бүгүнкүгө чейин. Анын коомдук-саясий ишмердигин, дипломатиялык мамилесин биле элекпиз. Ошол эле убакта кооперативдер союзунун төрагасы, акчага тың киши болгон экен да. Ошол жактарын документин алып чыга элекпиз.

Жүздөн ашык документти алып келдик. Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдык мааракесин жакында белгилейбиз. Ага карата жаңы документтерди чыгарып койсом, материалдарды алып, жаңылык киргизсек, адамдык бейнесинин бөлөк жагын алып чыксак жакшы болор эле. Мына ошондой архивдик документтердин баасы чоң. Өкмөт ушуга көңүл бурса, анда биз мамлекеттүүлүгүбүздү, тарыхый инсандарыбызды көтөрүп, тарыхыбызды тактасак, мамлекет чыңдалат.

- Бир суроо берип жыйынтыктайлы. Күйүп-бышып айтып жатасыз. Кыргызстандык изилдөөчүлөр заман талабына ылайык эмгектерди жаратуу жаатында да ойлонуп жатабы? Мисалы, Ютуб платформасы аркылуу тарыхты окуткан абдан көп контенттер пайда болгонун көрдүм. Карталар, сүрөттөр, архив видеолору менен жеткирүүнүн жаңы жолдорун издеп жатышат. Бизде чоң-чоң эмгектер жазылат, бирок аны саналуу эле чөйрө окуп калып жатпайбы.

- Бул сурооңуз да жогоруда айтылган маселеге барып такалат. Анткени же мамлекет жардам бербесе, же командировкалык чыгымыбыз каржыланбаса, ар бир илимпоз өзү үчүн барып жатпайбы.

- Же жогорку окуу жайларда кызыкчылык жок.

- Биз иштейли деп жатабыз, чама-чаркыбызга, шартыбызга жараша. Бирок буга итапкан акча талап кылынат. Мен керек болсо бүт баарын карта кылып, чыгарганга көзүм жетип жатат, бирок кол жетпейт. Каражат жок. Аш-тойлордо баш байге 1,5 миллион сом, ордо оюнда 500 миң сом деп жатабыз. Ошону илимий иштерге жумшаса, бардыгы болот эле. Демөөрчүлөр чыкса, биз көп нерсени ишке ашырмакпыз. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеӊип жатат.

XS
SM
MD
LG