Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:13

Кыргызстандын Эгемендик майрамы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт


31-августта Кыргызстандын Көз карандысыздык күнүнө карата негизги иш-чаралар Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак жайлоосунда өтөт. Ага президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, эл аралык жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Майрамдык иш-чаралар көрүнүктүү саясий ишмер Канай уулу Байтиктин (Байтик баатыр) 200 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара менен коштолот. Анын алкагында маданий иш-чаралар, “Ынтымак” фестивалы, боз үйлөрдөн турган айыл уюштурулуп, концерттик программа тартууланат.

Иш-чара УТРК жана башка телеканалдар жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.

Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG