Жарандык активист Адил Турдукуловдун жаңы кинотасмасында Борбор Азиядан барып, согуш башталганда Украинаны таштап кетпей жашап жаткан адамдардын жашоо-турмушу баяндалат.
Адил Турдукуловдун "Украинадагы биздикилер" деп аталган бул тасмасынын каармандары Борбор Азиядан барып куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөндөр, журналисттер, ишкерлер, спорт машыктыруучулары жана жергиликтүү кеңештерге депутат болгондор. Тасманын бет ачары Украинанын Эгемендик күнүнүн урматына 24-августта Бишкекте көрсөтүлдү.
Тасмадагы каармандардын бири Абдураим Рыскулов Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында туулган. Ал кийин Украинага көчүп кеткен. Учурда бокс боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет жана Киев аймагындагы райондордун биринде жергиликтүү кеңештин депутаты. Рыскулов өз турмушун, ийгилигин тасмада мындайча баяндаган.
“Мен Киевдеги чоң райондордун биринде жергиликтүү кеңеште депутат болдум. Атаандаштык күч болду. Украиналыктар улутчул болгондо өтпөй калмакмын да. Бирок мен шайландым. Сен баланча, сен түкүнчө деген улуттан экенсиң деген бөлүнүүнү деле көрө элекмин”.
Согуш маалында Украинага барып, ал жактага борбор азиялыктарга жолуккан Адил Турдукулов тасмадагы каармандар аркылуу Эгемендиктин баа-баркын көрсөтүүнү көздөгөнүн кеп кылды.
“Ар бир жолуккан мигрант ошол жердеги ийгиликтүү жашоону күтүп жатканын жана көптөгөн ашууларды ашканын көрдүк. Аларга карата эч кандай дискриминация жок, ошол себептүү украиналыктар менен катар өлкөнү коргоп жатканын көрдүк. Алар “Биз Украинаны коргоп жатканыбыз менен өзүбүздүн түпкү мамлекетти да коргоп жатабыз” деген түшүнүктү айтканга аракет кылышты. Бул абдан маанилүү. Эл аралык нормалардын бузулуп жатканына көз жумсак, биз өзүбүздүн да эгемендикке шек келтиребиз деп ойлойм”.
Турдукулов Украинадагы карапайым калктын жашоо-турмушу Орусия басып киргенден кийин кантип өзгөргөнүн, жакындарынан айрылгандардын кайгысын, колуна курал алып туулган жерин коргоп жаткан адамдардын үмүт-тилегин көрсөтүүнү көздөй турганын билдирген.
Кинотасманы көрүүгө Украинанын Кыргызстандагы элчиси Валерий Жовтенко, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Соната Коултер жана бир катар активисттер катышты.
Иш-чарада Украинадагы согушта каза болгон жайкын тургундар эскерилип, бир мүнөттүк аза күтүү жарыяланды.
Элчи Жовтенко украиналыктарды колдоп каражат топтогондорго, достук мамиленин бекем болуусуна салым кошкондорго, тасманын авторлоруна ыраазычылык кат тапшырды.
“Бүгүн биз менен бирге Украинанын эгемендик күнүн белгилеп жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем. Тилекке каршы, биздин бул жылкы эгемендик майрамыбыз тарыхыбыздын драмалык дооруна туш келди. Украин эли Орусиянын баскынчылыгынан өз өлкөсүн, аймагын, эркиндигин, өзүнүн тандоо укугун курал менен коргоого мажбур болду. Биз жаркыраган европалык мамлекет курдук жана алдыда курууну уланта беребиз. Европанын мыйзамы менен жашап келгенбиз жана жашаганды уланта беребиз. Биз эч качан коңшу өлкө көз карандысыз мамлекетибизге кол саларын күткөн эмеспиз. Биздин эл баарынан мурда эркиндикти жана эгемендикти баалап келген эл”.
Укук коргоочу Төлөкан Исмаилова учурда саясий жол менен чечилчү маселелер согуш менен чечилип жаткан мындай оор кырдаалда мурунку постсоветтик өлкөлөр тынчтыкка шериктеш болушу керектигин билдирди:
“2014-жылы да Орусия тараптан Украинага агрессия болгонун билебиз. Мындай кыйынчылык биздин өлкөнүн да башынан өттү. 2021-жылы апрель айында Тажикстандын агрессиясынан 36 жай тургун каза болду. Өкүнүчтүүсү, анын ичинде эки наристе бар. Бизди чочутканы мына эки күн мурун Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Кыргызстандагы жана Тажикстандагы аскер базаларын күчөтөрүн кыйытканы болду. Биз орус элине каршы эмеспиз, бирок агрессияга жана согуш алып келген лидерлерге каршыбыз. Биз акыйкатсыз режимдерге, авторитардык башкарууга каршыбыз. Мына, кыргыз калкы менен украиналыктарды ушул нерсе бириктирип турат. Согуш кесепети жаман экени баарына маалым. Азыркы тапта тынчтык болуш керек деген ураан менен украин элине колдон келишинче көмөк көрсөтүп жатабыз. Анткени бул тагдыр жалгыз гана Украинанын тагдыры эмес”.
Орусия Украинага быйыл 24-февралдагы кол салуусун "атайын операция" деп атоодо. Дүйнө коомчулугу Орусияны агрессор катары айыптап жатат.
Кыргызстан согуш башталгандан бери бейтарап позицияда экенин белгилеп келет.
Украинада Кыргызстандын 1300дөн ашуун жараны бар экени айтылган. Согуш башталгандан кийин алардын дээрлик бардыгы өлкөдөн чыгып кеткен. Кыргызстандын Киевдеги элчилиги берген маалыматка караганда, учурда өлкөдө 70-80дей кыргызстандык калган.