Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:28

Президент курултай өткөрүү демилгесине эмне түрткү болгонун айтып берди


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров элдик курултай уюштуруу чечимин кабыл алууга былтыр журналисттерге өткөргөн жылдык пресс-конференциясы түрткү болгонун бүгүн 27-августта “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде билдирди.

Жапаров ошондо “Үч саат жөн эле ушактарга жооп берип олтурганын” белгилеп, “Анан ошондон кийин Баш мыйзамдын негизинде курултай чогултуп, элдин алдында бир жылда кандай иштер аткарылгандыгы жөнүндө маалымат берели деп чечтим” деп айтты.

“30 жылдан бери эле президенттер өздөрүнө караштуу журналисттерди топтоп алып, жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын өткөрүп коюп келе жатабыз. Былтыр мен дагы журналисттерди чогултуп, маалымат бердим. Журналисттерди чектебедим, баары киришти. Бирок ошентсем дагы берилген суроолордун баары ушактардын деңгээлинен көтөрүлө албай койду”, - деди президент.

Жапаров курултай эки күн болорун, анда өлкөнүн булуң-бурчунан келгендер бийлик ошол аймакта кандай иштерди жасашы керек экени тууралуу түздөн-түз сунуштарын айта аларын, эркин микрофон болорун, каалаган делегат сүйлөй турганын айтып, “Курултай институтун киргизип алсак мындан ары жыл сайын элдин алдына чыгып, аткарылган иштер боюнча маалымат берип, алардын сунуштарын угуп турсак бийлик жаман болбойбуз. Бийлик башындагылардын баары жыл сайын элге отчет берип көнүп калышат” деп белгиледи.

Президенттин быйыл 25-ноябрда элдик курултай чакыруу тууралуу жарлыгы 16-августта жарыяланган. Конституцияда каралган бул иш-чаранын атайын мыйзам менен эмес, мамлекет башчынын жарлыгы менен өткөрүлө турганы сын-дооматка жол ачкан. Айрым оппозиция өкүлдөрү "бийлик азыр жоопкерчиликтен качып, аны кандайдыр бир башка органга жүктөп коюу аракетин көрүп жатат" деген пикирин айтууда.

Садыр Жапаров Кыргызстанды 2020-жылдын октябрынан бери башкарып келе жатат. 2021-жылдын 23-октябрында "Ала-Арча" резиденциясында өткөн пресс-конференцияга 89 редакциядан 160 адам катышып, экономикадагы абал, тышкы саясат, коррупцияга каршы күрөш, чек ара коопсуздугу сыяктуу бир катар талылуу маселелер боюнча суроолорун беришкен. (RK)

XS
SM
MD
LG