Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:31

ИИМдин Оштогу аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн жоокер каза болду


Ош шаарындагы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 703-аскер бөлүгү.
Ош шаарындагы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 703-аскер бөлүгү.

Ош шаарындагы Ички иштер министрлигинин (ИИМ) 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер 17-августта каза болду. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады.

Омбудсмен мекемеси аскер бөлүгүнүн жетекчилигинин сөзүнө таянып буларды кабарлады.

«17-августта эртең мененки саат 05.00 чамасында текшерип-өткөрмө пунктунда турган аскер М. уулу А. басып жүрүп жыгылып түшүп, ошол бойдон тура алган эмес. Медициналык бөлүмгө алып барганда анын каза болуп калганы аныкталган.

Акыйкатчынын өкүлү Соттук-медициналык экспертизанын башчысы Кылычбек Насиров менен жолугуп сүйлөшкөн. Ал маркумдун денесинде зомбулуктун белгилери жоктугун жана экспертизага атасы катышканын айтып берген. Алдын ала божомол боюнча жоокер жүрөк оорудан каза болгонун жана толук изилдөөнүн жыйынтыгы бир айдын ичинде чыгарын кабарланды.

Учурда Аскер прокуратурасы иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Маркумдун үйүнө кетерине бир ай убакыт калган. Акыйкатчы институту бул фактыны дагы аскер бөлүктөрүндөгү жоокерлердин өлүмүн иликтеген мекемелер аралык жумушчу топ изилдей турганын маалымдады.

Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулук иликтенерин билдирген. Кыргыз армиясы уруп-согуу, чоңсунуу жана адам өлүмү менен аяктаган окуялардан арыла элек. Акыркы айларда эле аскер бөлүктөрүндөгү бир нече өлүм катталды. (TSh)

XS
SM
MD
LG