Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:20

Токтогулда милиция кызматкери сүзүп кеткен киши каза болду


Милиция тараткан сүрөт.
Милиция тараткан сүрөт.

Токтогул шаарында милиция кызматкери автоунаасы менен сүзүп кеткен киши каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Милициянын кабарлашынча, 17-августта түнкү саат 12:40 чамаларында Токтогулду аралап өткөн Бишкек - Ош жолунда жол кырсыгы катталган. Милиция күбөлөрдүн сөзүнө таянып, “Лада-2113” машинеси жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан өтүп бараткан тургунду сүзүп кеткенин билдирди. Унааны башкарып бараткан милиция кызматкери учурда ооруканада экени кабарланды. Ал эми кырсыктан каза болгон киши Токтогул райондук Кадастр мекемесинин жетекчиси, 58 жаштагы Нуржан Борбиев болгон.

Ички иштер министрлигин маалыматына ылайык, быйыл жол кырсыктарынын кеспетинен каза болгондордун саны 26,4% (337ден 248ге), жараат алгандардын саны 9,6% (5122ден 4629га) төмөндөгөн.

2021-жылы беш миңдей жол кырсыгы катталып, 500дөн ашуун адам каза тапкан. 2020-жылы 6126 кырсыктан 754 адам каза болгон (анын 93ү балдар). Ал эми 2019-жылы 6663 ирет машиналардын кырсыгы 760 адамдын (91и балдар) өмүрүн алган. (TB\TSh)

XS
SM
MD
LG