Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Кыргыз адабиятын тааныткан котормочулар


Мирзохалим Каримов.
Мирзохалим Каримов.
Мирзохалим Каримов - "Даңк” медалынын ээси, кыргыз-тажик жазуучусу, белгилүү котормочу, публицист.
  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Котормочулук өнөр өксүп калды

Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун залкар чыгармаларынын шарапаты менен дүйнөгө таанылган кыргыз адабиятын башка элдерге которуп жайылтуу жаатына совет доорунда өзгөчө маани берилчү. Жазуучулар союзунун алдындагы Адабиятты пропагандалоо бюросу акын-жазуучуларды эл менен жолугуштуруп, таасирдүү иш-чараларды жүргүзүп турган. Тилекке каршы, союз тарагандан кийин булардын баары токтоп калбадыбы.

Акын-жазуучулардын чыгармаларын которуп жайылтуу ал кезде өтө маанилүү вазийпа эле. Буга Кыргызстанда жашаган башка улуттагы таанымал калемгерлер өзгөчө салым кошушканын ыраазычылык катары айтса жарашат. Алардын катарына Шаповалов, Светлана Суслова, Александр Никитенко, Абдулазиз Мамбетбакиев, Турсунбай Адашбаев, Абдугани Абдугафуров, Курбан Саттар ж.б. ысымдарын атаса болот.

Тажикстандык мыкты жазуучу Фазлиддин Мухаммадиев менен Өзбекстандык атактуу котормочу Асил Рашидовдор Чыңгыз Айтматовдун дээрлик бардык чыгармаларын, өзбек акыны Миртемир менен тажик котормочусу Аслам Адахам "Манас" эпосун бийик деңгээлдеги чеберчиликте которуп чыгарышканын көпчүлүк окурмандар билбейт. Ал эми өмүр бою Өзбекстанда жашап өткөн аалым улутташыбыз Сүйүн Караев болсо өмүрүнүн аягында Чыңгыз Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романын өзбек тилине которуп, тарыхый иш кылган экен.

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы бөксө тоо үстүндө жайгашкан Өзбекгова аттуу ажайып айылда жашап жаткан 74 жаштагы өзбек акын жана котормочу Курбан Саттардын кыргыз адабиятын жайылтууга кошуп келаткан салымы тууралуу өзгөчө сөз кылгым келет.

Аны менен 2013-жылы Жалал-Абад облустук китепканасында "Биз достуктун үрөнүн себебиз!" деп аталган жеке долбоорумдун негизинде түрдүү улуттагы чыгармачыл инсандардын башын бириктирип өткөргөн жыйында таанышкан элем. Достук жана чыгармачылык алакабыз ошондон бери уланып келатат. Абдан жөнөкөй киши. Бой көтөрбөйт, чыгармачылык дүйнөгө баш оту менен азгырылып кеткен мээнеткеч инсан. Өзбек-кыргыз адабияттарын жакшы билет. Мыкты сынчы да, котормочу да деп айтсам аша чаап кетпесем керек.

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жашаган өзбек, уйгур, тажик, кыргыз ж.б. улуттардын акын-жазуучулары менен котормочулардын катышуусунда өткөрүлгөн достук-ынтымак жыйыны. Жалал-Абад шаары. 2-июль, 2015-жыл.
Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жашаган өзбек, уйгур, тажик, кыргыз ж.б. улуттардын акын-жазуучулары менен котормочулардын катышуусунда өткөрүлгөн достук-ынтымак жыйыны. Жалал-Абад шаары. 2-июль, 2015-жыл.

Ал 13 жашынан ыр жаза баштаптыр. Ырлары окуучу кезинде эле Ош облустук "Ленин йули" ("Ленин жолу") гезитине жарыяланып турган экен. 2006-жылы "Умрим мезони" деп аталган ырлар жыйнагы жарык көргөн соң, акын катары таанылыптыр. Облустук китепканадагы жолугушууда кыргыз тилинде бир класс да окубаган калемгердин кыргызча таптаза сүйлөгөнү, кыргыз адабиятын мыкты билгени таң калтырган, сынчылык даремети бийик экени байкалган ошондо.

Атаганат, эки тилде бирдей сүйлөгөн калемгерге астейдил көңүл бурулбай калганынан улам болсо керек, котормочулук ишмердигин мурдагыдай жүргүзө албай, көңүлү сууп баратканы сезилип турду. Өзүнүн айтуусуна караганда, кыргыз адабиятынан которгон эмгектери Өзбекстандын адабий ж.б. гезит-журналдарына 80-жылдардан бери байма-бай жарыяланып келатыптыр.

Анын кыргыз адабиятын жайылтууга кошуп келаткан салымын алкоого арзый турган эмгек деп айта болот.

Курбан Саттар.
Курбан Саттар.

Жалал-Абаддагы жолугушуудан кийин Курбан Саттар мага бир калың папкени узатып жатып:

"Сиз менен учурашканыма абдан сүйүнүп турам. Өчүп бараткан котормочулук ышкымдын билигин ушу сиз көтөрүп коё тургандай үмүт пайда болду менде. Мына бул саргайган папкеде классик акыныбыз Алыкул Осмоновдун өзбек тилине мен которгон "Көл толкуну" аттуу жыйнагы бар. Муну көп жылдан бери Өзбекстанда да, Кыргызстанда да китеп кылып чыгара албай келаттым эле. Жашым да бир топко барып калды. Ушуну карап көрүп, жардам берсеңиз абдан ыраазы болор элем", - деди үмүткөр түр менен тиктеп.

"Аракет кылам, аке. Кам санабаңыз", - деп жолго чыкканмын, котормочунун көңүлүн көтөрүп.

Кудай жалгап, Мамлекеттик тил комиссиясынын ошо кездеги төрагасы Эгемберди Эрматовдун колдоп кубаттоосу менен Алыкул Осмоновдун өзбек тилиндеги ырлар жыйнагы Курбан Саттардын котормосунда 2016-жылы жарык көрдү.

Алыкул Осмоновдун өзбек тилиндеги ырлар жыйнагы.
Алыкул Осмоновдун өзбек тилиндеги ырлар жыйнагы.

Арадан көп өтпөй Курбан Саттар жашаган айылдагы өзбек орто мектебинде китептин бетачар аземи өткөрүлө турган болуп, мени атайын чакырышат. Котормочу Кубанычбек Басылбековго да жол кире таап, экөөбүз барып катыштык мааракеге. Мектеп окуучулары Алыкул Осмоновдун өзбек тилиндеги ырларын жатка айтышып, бетачар азем классик акынга арналган унутулгус майрамга айланган ошол күнү.

Мугалимдердин айтуусуна караганда Курбан Саттар которгон китептеги "Жеңишбек" поэмасы менен бир нече ыр өзбек тилинде окуткан мектептердин 8-9-класстарынын окуу программаларына киргизилиптир.

Кыргыз элин, ажайып жерин, тилин, адабиятын жан-дили менен сүйгөн калемгер маараке көңүлдөгүдөй өткөндөн кийин бизди Бишкекке узатып жатып, ыраазычылыгы ашып-ташып кеттиби, айтор мына бул сөздөрдү толкундануу менен айтты:

"Кыргыздын мыкты акын-жазуучуларынын чыгармаларын өзбек тилине мындан ары да которо берем. "Ала-Тоо булбулдары" деген аталышта дагы үч жыйнак чыгарам буюрса".

Арадан үч-төрт жыл өткөндөн кийин ошол айткан үч жыйнактын биринчисинин электрондук версиясын мага жөнөттү. Карап көрсөм, жыйнакка Жеңижок, Токтогул, Барпы, Аалы Токомбаев, Эсенгул Ибраев, Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов, Анатай Өмүрканов, Турабай Жороев, Фатима Абдалова, Маркабай Ааматов ж.б. жалпысынан 25 акындын ырлары топтоштурулуптур.

Бул китепти деле Мамлекеттик тил комиссиясына алып барып тапшырганмын. Тилекке каршы, эки жылдан бери жолу ачылбай турат.

XS
SM
MD
LG