Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) айланасындагы кырдаалга кайрадан кайрылып, Орусиянын аскерлерин аны тез арада таштап чыгып кетиши керектигин эскертти.
Ал орус күчтөрү атомдук станциянын аймагында аткылоосун улантып, атайын чагым жана шантаж кылып жатканын билдирүүдө. Зеленский “баскынчыл күчтөр АЭСти пайдалануу менен жакын арадагы калктуу конуштарды бомбалап, станциянын өзүндө курал-жарак кампаларын уюштуруп алганын айтты.
Украин президенти эгер Запорожье АЭСи жарылып кетсе анын кесепети Евробиримдиктеги өлкөлөргө, Түркияга, Грузияга жана башкаларга чейин жетерин, азыр БУУ менен МАГАТЭдеги талкуу жемишин бербей жатканын кошумчалады.
“Алар өзөктүк кризиске Орусия жооптуу экенин так түшүнүп турушат. Бирок талкуудан жана чакырыктардан Орусияга, “Росатомго” жана бүтүндөй террорчул-мамлекетке каршы жаңы катуу санкцияларга өтүш керек. Орусиянын бардык күчтөрү эч кандай шарт койбой тез арада станциянын аймагынан жана жакынкы райондордон чыгып кетиши керек. Дүйнө канча жыл радиациялык коопсуздук үчүн күрөшүп келген. Эгер азыр дүйнө бир атомдук станцияны коргоого алы келбесе, анда бул дүйнө утулуп жатат. Террорчуларга уттуруп жатат”, – деди Владимир Зеленский.
Европадагы эң чоң атомдук станция – Запорожье АЭСи Украинанын орусиялык аскерлер басып алган аймагында жайгашкан. Согуштун башында да станцияга сокку жасалып, анда да эки тарап бири-бирин айыптаган. Соңку күндөрү да анын айланасында айыгышкан кармаш жүрүп жатат.
14-августта Европа Биримдигин бардык мүчөлөрү жана АКШ, Канада, Астралия, Түштүк Корея, Жапония баштаган 42 мамлекет Орусияны Запорожье атомдук электр станциясынан чукул арада аскерлерин алып кетүүгө чакырган. Запорожье облусун басып алган орусиялык күчтөр станциянын айланасында ок атышпоо режимин сунуштаган. (ErN)