Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган автоунаалардын кезеги көбөйдү


14-августта тартылган сүрөт.
14-августта тартылган сүрөт.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы "Кең-Булуң автожол" өткөрүү бекетинде жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги көбөйдү. Мамлекеттик чек ара кызматы 50гө жакын машине турганын, аларда жүк жоктугун 14-августта "Азаттыкка" маалымдады. Өткөрүү пункту штаттык режимде иштеп жатат.

Жүк ташуучу унаалардын топтолуп калышынын негизги себеби катары туристтик сезонго байланыштуу жүргүнчү ташуу жана сезондук азыктарды ташуу көбөйгөнү айтылууда.

Чек ара кызматы кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы башка өткөрүү пункттарында адамдардын жана унаалардын тыгыны жоктугун, абал туруктуу экенин билдирди.

Кыргыз-казак чегинде "Ак жол", "Кең-Булуң" жана "Токмок" өткөрүү бекеттери бар.

Чек арадагы жүк ташуучу машинелердин тыгыны буга чейин да бир канча жолу катталып, өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөр өткөн. (SE)

XS
SM
MD
LG