Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:58

"Эптеп үйүбүзгө жеттик". Украинада согушкан ыктыярчылар


Украинадагы согушта орусиялык кесипкөй аскер адамдары эле эмес, ыктыярчы деп аталгандар да катышууда. Жай мезгилине чейин алар "БАРС" (Өлкөнүн аскердик күжүрмөн резерви) аркылуу, кийинчерээк Орусиянын ар кайсы аймактарында түзүлүп жаткан энчилүү батальондор аркылуу жөнөтүлүп турду. Согуш майданынан кайтып келген алгачкы ыктыярчылар алданып калганын мойнуна алууда.

Ыктыярчылар эмгек акы гана алып, башка артыкчылыктардан куру калдык дешет. Ыктыярдуу түрдө келишим менен баргандарга салыштырмалуу мындай аскерлер окко учканда расмий кенемте эки эсе аз төлөнөт. “Азаттыктын” татар-башкыр редакциясы “Idel.Реалии” Украинадан кайтып келгендерден “БАРС” деген эмне экенин, эмне үчүн бийликтегилер аларды “чыныгы аскерлер” деп тааныгысы келбей жатканын сурап билүүгө аракет кылды.

Ыктыярчы аскерлердин коопсуздугу үчүн баарынын аты-жөнү өзгөртүлдү. “Idel.Реалии” редакциясында булардын чындыгында эле Украинада аскер катары белгилүү мөөнөттө болуп келгендигине далилдер бар.

Виктор

"БАРСтын" батальондорунун биринин ыктыярчыларын Ростов облусундагы аскердик бөлүккө чейин машине менен жеткиришет. Ал жерден алар документтерин алып, Украинада эки ай кызмат өтөгөндөн кийин үйлөрүнө кетиши керек. Машинеден аларды түшүрүп эле таштап кетип калышат.

Аскердик бөлүк кан жолдон бир километрдей алыстагы ээн талаада жайгашкан.

Алдынан утурлай офицер чыгат. Ал ыктыярчыларга баштыктарга салынган телефондору менен документтерин (паспорт, аскердик белет) берет.

– Ростовго чейин биз кантип барабыз? – деп сурайт Виктор.

– Трасса тээ тиякта, – деп офицер жооп берет да, кетет.

Жаңы келгендердин акчасы жок, жол алыс. Бирок айла жок. Кан жолго чыкканда жолулаш машинелерге түшөрбүз деп ойлошту. Бирок капыстан капталына Z тамгасы жазылган бош жүк машине алдынан торой келип токтоду.

– Ыя, балдар, Ростовгобу? Келгиле, секирип түшүп алгыла, – дейт айдоочу аларга.

Виктор ошол жүк ташуучу унаанын айдоочусу жөө бараткан солдаттарды Ростов-на-Донудагы аскер бөлүгүнөн темир жол станциясына чейин көп ирет ташыган окшойт дейт.

"Ал бизди Ростовдун өзүнө алып барбаса да, жок дегенде эл жашаган чекке жеткирди. Андан ары ВТБ банкоматына бардык. Айрымдардын картасында эчтеке калбаптыр. Алар банк кызматкерлери батальондон ондогон адамдардын реквизиттерин жоготуп алыптыр дешти. Менде бир нече миң рубль бар болчу. Бар акчабызды чогултуп, эптеп үйүбүзгө жетип келдик. Ушунчалык кайдыгер мамиле кылышты. Жок дегенде бизди вокзалга жеткиришкен жок, – деп ачууланат Виктор. – Өз ыктыярыбыз менен армиябызга жардам берүү үчүн барсак, бизге ушундай мамиле кылышты".

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"БАРС" батальонунан журналисттер менен сүйлөшө алган ыктыярчылардын дээрлик баары ушундай мамилеге тушугабыз деп ойлобогонун айтышты.

Виктор өзү эки айлык кызматы үчүн болгону 330 миң рубль алдым дейт. Аларга 410 миң рубль беребиз деп убада кылышкан экен.

“Менин батальонумдун бирөөгө эчтеке төлөнбөптүр, дагы бирөө 20 000 алыптыр (биз Пермь, Нижний Новгороддогулар менен телефон аркылуу сурадык)”, – деп кошумчалады ал.

Виктор буга чейин аскерде болгон, согуштук тажрыйбасы бар. Мындай мамилени буга чейин көрбөдүм эле дейт.

"Бөлүмдөрдүн башына ишбилги офицерлерди койбогону да таң калыштуу! Ротанын командири кылып колуна курал кармап көрбөгөн, согушка катышпаган, милициядан айдалып кеткен бирөөнү коюшуптур. Ал салгылашуу тактикасын да, эч нерсени түшүнбөйт! Ушунун айынан да канча балдар бөөдө өлүмгө дуушар болду. Башка батальондордун жоокерлери менен да кабарлашып турабыз, алар деле дал ушундай жагдайда экен".

Согуштук тажрыйбасы жок адамдар ротанын башына же андан да жогору коюлуп калган ушундай эле көрүнүштөр жөнүндө "БАРСтын" башка батальондорунан келгендер да айтышты.

Ыктыярчы аскерлер тушуккан башка көйгөйлөр да көп. Демейки эле форманын, курал-жарактын, атайын кийимдин жоктугу, күнүмдүк акынын (8 миң рубль) берилбей калышы, кызмат өтөгөн жылдары үчүн кошумча акы берилбегендиги ж.б.у.с. тууралуу биздин маектештер сөз кылышты.

Мунун баары биздин чыныгы аскер адамдары деп эсептелбей жатканыбыздан болууда дешет алар. Аскер бөлүгүндө түзүлгөн келишимге ким менен кол коюлганын эске алуу керек. Бирок муну маектешкендердин өздөрү да анык билбейт.

Виктор келишим Орусиянын Коргоо министрлиги менен түзүлгөн деп ойлойт. Ал Татарстандын шаарларынын бириндеги аскер комиссариатына келип, Украинага кантип барууга болорун жана кандай чектөөлөр бар экенин сурап билген экен. Аскер комиссариатынан Казанга алып келишиптир – бул жакка республиканын башка аймактарынан дагы көп ыктыярчылар топтолуп жатыптыр.

“Автобуска 40тай киши түштүк, анан ошол жакка [Ростов облусуна] жөнөтүштү”, – дейт ал.

Ошол жеткен жеринен алар менен бирге Казандан барган подполковник жергиликтүү полковник менен сүйлөшүп, ал өз кезегинде ыктыярчылар менен аңгемелешкен. Ошондон кийин алар келишимдерди, контракттарды толтуруп, ВТБ карталарын түзүүгө барышкан:

“Анда банктын кыздары жана балдары бизге карта беришти”.

Виктор маянанын аз төлөнүп калганы үчүн Татарстандагы аскер комиссариаты эмес, биринчи кезекте Ростов облусундагы бөлүктөгүлөр күнөөлүү деп эсептейт.

"Ростов облусундагы полигондо келишимдер түзүлүп, кол коюлган. Коргоо министрлиги менен келишим түзүп жатабыз деп ойлогонбуз. Келишимде, менин эсимде, ошондой эле айтылган. Биз менен бирге жүргөн подполковниктен сураганда, мага: “Куралдуу күчтөргө эч кандай тиешеңиз жок, сиз партизансыз” деп жооп берген. Көрсө, биз “Ахмат” батальонуна эле окшош экенбиз. Алар деле куралдуу күчтөргө да эч кандай тиешеси жок ыктыярчылар", – дейт Виктор.

Александр

"БАРСтын" дагы бир батальонунун ыктыярчылары Ростов облусуна кайтып келгенден кийин акысын ала албай жатканына, аскер жетекчилеринин кесипкөйлүгү начар экендигине нааразы боло башташкан. Алар генералга телефон чалып, федералдык трассаны бөгөп салууну көздөшкөн эле.

"Биз менен курал кармап алган 30 адам бар эле. Кийин [Украинадан] кайтып келгендер да ушинтип чыгып, акча да талап кылышты. Бизге ошондо май айынын акысын беришти, бирок согуштагы күжүрмөн аракетибиз, наамдарыбыз үчүн эч нерсе, бир тыйын да төлөбөй коюшту", – дейт ушул "БАРСта" кызмат өтөгөн Александр.

Ал Татарстанда төрөлгөн. “Idel.Реалии” кабарчысы менен болгон маегинде бир гана болор-болбос маянасын алганына нааразы экенин айтты.

"Бир айда 205 миң рубль беришти, бирок күжүрмөн аракетибизге (күнүнө 8 миң рубль) төлөбөй коюшту. Наамыбыз үчүн да төлөшпөйт. Биз согуштук аракеттерге катышканбыз деп суроо-талап жөнөттүк, бирок эчтеке беришкен жок. Биз нөл экенбиз, эч ким эмес экенбиз – мына ушунусу жанга батты", – деп кейиди ал.

Херсонду Днепрдин сол жээги менен байланыштырган Антоновский көпүрөсү Украинанын Куралдуу Күчтөрү биринчи соккуларды ургандан кийин. Херсон, 2022-жыл, 20-июль.
Херсонду Днепрдин сол жээги менен байланыштырган Антоновский көпүрөсү Украинанын Куралдуу Күчтөрү биринчи соккуларды ургандан кийин. Херсон, 2022-жыл, 20-июль.

Александр согушка кантип катышып калганын эстейт. Ал өз шаарындагы аскер комиссариатына ыктыярчы катары Украинага кантип барса болорун билүү үчүн келген эле.

"Биз медициналык кароодон да өткөн жокпуз: ооруп жаткандарды деле алып кетишти! Колубузга баштык карматып, тамактандырып, Новочеркасскиге алып барышты. Биз ошол жерден кийиндик: баары эски, армияда колдонуудан чыгарылган экен; пулемёттун баары дат баскан. Анан биз ошонун баарын эпке келтирдик. Биз ал жерде жети күн болдук, андан кийин бизди алдыңкы чектен ары жөнөтүштү. Келишимдерге Новочеркасскиде кол койгонбуз, бирок бизди киргизип, окутпай кол койдурушту да, жүгүртүп чыгарышты", – дейт ал.

Александр адегенде баары ушундай болот деп такыр ойлогон эмеспиз дейт.

"Жагдайды билгенден кийин нес болдук. Биз ал жерде [фронтто] тамагыбыз начар, тамеки да жок, башкасы да жок болчу. Ок-дары гана ашып-ташып жатты. Биз айылдарды басып алгандан кийин алардын ок-дарыларын чогултуп алдык. Жанымда бир досум бар болчу (Татарстандан эмес. – Ред.), ал согушка киргенде эле курман болду. Үй-бүлөсүнө эч кандай жардам берилбегенин бүгүн уктум. Сөөгүн көмүүгө өз акчасы жумшалган учурлар болду. Өлгөндөр үчүн эч кандай кенемте төлөнбөдү".

Борис

"БАРСтын" дагы бир ыктыярчысы – Борис (аты өзгөртүлдү) айрым солдаттардын өлгөндүгү үчүн үй-бүлөсүнө кенемте төлөнүп берилгендигин, бирок кээ бирлерине төлөнбөй калганын айтат:

"Жакында "БАРСтан" дагы бир каза болгон солдаттын сөөгүн Татарстанга алып келишерин билем. Туугандары келип жети миллиондун документтерин жасап бүтүштү. Бирок дагы бир маркумдун үй-бүлөсү эч нерсе албаптыр. Балээнин башы каякта экенин билбейм: мансаптуулар кечеңдетип жатабы же бул иш жөнгө салына элекпи? Жок дегенде ыктыярчыларга төлөшү керек эле".

Кийинчерээк “Idel.реалии” менен болгон маегинде ал буларды тактап айтты:

"Татарстандан барган "БАРСтын" ыктыярчысы өлсө, жети миллион рубль берилет, ал эми жалданмаларга эки эсе көп – 14 миллион төлөнөт. Бирок ар кайсы аймактарда ар кандай: кээ бир жерлерде Татарстандагыдай эле жагдай болсо, башка жерлерде андай эмес".

Ошол эле учурда Борис башкалардан айырмаланып, жагдай “БАРСта” жүргөндөрдүн айрымдары күткөндөй болгон жок деп эсептейт.

"Мен буга чейин да согушка катышып жүргөм, ошондуктан, албетте, алмаштырып кийгенге совет доорунан калган кийимдеримди, мисалы, кроссовка, резина өтүгүмдү ала келдим, – дейт Борис. – Негизинен эки рюкзагым бар болчу. Азыкты да (колбаса, консерва, дошакик ж.б.) арбын алдым. Албетте, кычырата кийиндиришет деп ойлогондор да болду. Бирок кир жууганга жай жок, алмаштырып кийгенге эчтекеси жок, абдан кыйналышты. Анан ээн калган үйлөрдөн кроссовка издешти".

Солдаттарга акча төлөнбөй калгандыктан кан жолду тосууга аракет жасалгандыгы тууралуу окуяны айтып бергендердин бири Борис эле.

“Солдаттар кайра үйлөрүнө кантип барышат? Кээ бирлери Ыраакы Чыгыштан келген. Аларга документтери менен акчаны гана бере башташты", – дейт ал.

Ал “документтерде ким менен келишим түзүлгөнү жазылган эмес болчу” дейт:

"Мен аскер комиссариатына бардым да, ыктыярчы катары аттангым келет деп арыз жаздым. Болду. Ал жердегилер арыз толтурду, башка нерселерди да тариздешти, документтердин көчүрмөсүн алып келишти, анан Казанга кетишти – бүттү. Биздин маянабыз жалдануучулардын айлыгындай да болгон жок. Бизге бөлүнгөн төлөмдүн максаты туура көрсөтүлбөгөн: кандайдыр бир жардам, балдарга жөлөк пул дегендей эле бирдеме жазылган".

Ал Коргоо министрлигинен эч качан акча которулган жок дейт.

"Биз документтерге кол койгондо, баш жагында биз ким менен кол коюп жатканыбыз көрсөтүлгөн эмес, ошондуктан алар кийин өздөрү каалагандай жазышы мүмкүн. Бул өтө кооптуу, анткени жигин таппайсыз. Күжүрмөн аракеттерге акы төлөнбөй жатканы өкүнүчтүү", – дейт Борис.

“Idel.Реалииге” башка маектештер да төлөмдөрдөн жана "аскердик чыныгы жалданмалардын” артыкчылыктарына жетпей калганынан нааразы экенин айтышты.

“Idel.Реалии” маектештерден келишимдин көчүрмөсүн ала алган жок – колдоруна эч кандай документ берилбей калган экен. Орусиянын Коргоо министрлиги азырынча редакциянын суроолоруна жооп бере элек.

"Биз дивизияга байланып калгандай көрүндүк. Курал-жарак, ок-дарыларды башкалардай эле алдык, фронтто да өзүбүзчө жүрбөй, башка аскер адамдары менен дайыма байланышта болуп турчубуз. Бул кандайдыр бир махно кыймылы (совет өкмөтү курулгандан кийин башталган жарандык согуш жылдары эч кимге баш ийбеген өзүнчө куралчан топ. – Ред.) эмес да. Бирок "БАРСка" келген биздикилер эч ким эч нерсени түшүнбөй жатат", – дейт Борис.

Аскердик комиссариат

8-июлда техникаларды алуу жана номиналдык "Алга" батальонунун курамында “аскердик координациялоо” (согушка чейинки машыгуу) үчүн Оренбург облусундагы полигонго жөнөп кетүү үчүн Татарстандын ар кайсы аймактарынан контракт боюнча чогулган ыктыярчылар Казан шаарындагы танк мектебине келишти.

Ошол күндөгү фотосүрөттөр жана видеолордон аскерлерге жаңы форма – атайын чыптама жана соот, каска, атайын көз айнек, тизе жапкыч, чыканак жапкыч ж.б. берилип жатканын көрүүгө болот.

Андан кийин, жалпыга маалымдоо каражаттарында кабарлангандай, митинг, салтанаттуу узатуу болду: “Славян кыздын коштошуусу” деген ыр жаңырып, алты ак автобус Оренбург облусуна жөнөдү. Алардын артынан жакындары жана достору кол булгалап кала беришти.

***

Кызматка "БАРСтын" ыктыярчыларын минтип узатышкан эмес. Салтанаттуу эч нерсе уюштурулбады, алар бир гана аскер комиссариатын – Ростов облусуна жөнөгөн автобусту – анан фронтту көрүштү. Эмне үчүн мындай болгонун түшүнүү үчүн “Алга”, “Тимер” жана "БАРС" батальондорунун ортосунда кандай айырмачылыктар бар экенин аныктап алуу керек.

10-июнда Татарстандын мамлекеттик расмий маалымат каражаттарында “Казань аскер комиссариаты мурда аскерде кызмат өтөп келген 49 жашка чейинки эркектерди кызмат өтөөгө чакырат” деген маалымат пайда болду.

Жарыяда ыктыярчыларга “адистигине жараша 205 миңден 270 миң рублга чейин маяна” жана ар кандай сый акылар убада кылынган. "Демек, ушул жай ичи сиз миллион рублга жакын таба аласыз!” деп айтылган.

Бул Татарстандын энчилүү батальондоруна жалдоо боюнча алгачкы кабарлар болчу. Ал убакта бир нече аймактар ушундай иш башталган эле.

Татарстандын батальондорго кошулууну чечкен жарандарына “үй-бүлөсү кыйналбай жашашы үчүн” 260 миң рубль, ошондой эле күн сайын 53 доллар, күжүрмөн аракеттерге катышканы үчүн 8000 рубль төлөнүп турат деген “кепилдик”, "салабаттуу атайын кийим", "жөлөк пулдардын олуттуу топтому жана камсыздандыруу, туугандарына материалдык жардам, өмүр бою берилүүчү жөлөкпул" убада кылынган. (“Алга” буга чейин эле түзүлүп, “күжүрмөн координациядан”/машыгуудан өткөн эле).

Бирок дагынкысы дагы бар. “Күжүрмөн ийгилиги үчүн” сыйлык убада кылынды. “Күжүрмөн ийгилик” дегенде “душмандын” техникасын жана жоокерлерин жок кылганы айтылат: бир учак үчүн 300 миң рубль, вертолет үчүн 200 миң, дрон үчүн 50 миң, танк үчүн 300 миң, башка техника үчүн 50 миң жана эң көп “адам күчүн жок кылгандарга” 100 миң каралган.

Буга чейин "БАРСка" барып келген бир нече ыктыярчынын айтканына караганда, Татарстандын аскер комиссариаттары азыр аларды" БАРСка" эмес, тээ июнь айынын башынан бери эле каалоочуларды топтоп келген “Алга” жана “Тимер” (татарчадан – “темир”) энчилүү батальондорго барууну сунуштап жатыптыр. “Idel.Реалии” кабарчысы муну текшериш үчүн фронтко жөнөйм деген кишидей болуп Татарстандын Аскердик комиссариатына телефон чалды.

Көрсө, мурда республикадан бир ирет берилет деп 260 миң убада кылынган болсо, эми жаңы схема боюнча төлөнөт экен: ар жума күнү 15 миң рублдан Орусиянын чегиндеги “күжүрмөн көнүгүшүү” мезгилинде, андан кийин батальон Украинанын чек арасынан өткөндөн баштап 200 миң рублдан төлөнөт дешти. Бул тууралуу Татарстан бийлигиндегилер да билдирди. Айтмакчы, бул акча республиканын өкмөтүнүн резервдик фондунан алынат.

"Чек арадан өткөндөн кийин бардык аскер кызматкерлери сыяктуу эле сизге Коргоо министрлигинен акча төлөнө баштайт. Заманбап, салкындаткычы бар чатырларда жашайсыз. Шарттары жаман эмес. Сиздер үчүн кийим-кечени бүт бойдон биздин республика сатып берет. Жаңы аскердик техника, ар кандай квадрокоптер, сапаттуу чет элдик кийимдер – баары болот", – дейт комиссариаттын кызматкери.

Анан буларды дагы такташты: батальонго кирүүчүлөр соттуулугу жок, ошондой эле баңгизаттан алыс болушу керек. Эң башкысы, медициналык кароодон өтүш керек. “Эгер баары ойдогудай болсо, сизди Оренбург облусундагы “Алга” жана Нижний Новгород облусундагы “Тимерге” жөнөтөбүз”, – деп түшүндүрөт кызматкер.

Биз андан энчилүү батальондорго барууну же жөн эле ыктыярчы болууну өзүбүз тандай алабызбы деп суроону чечтик. Батальонго эле барсаңыз жакшы болот деген жоопту уктук.

- Ыктыярчыдай болбойсуз [“Алга” менен “Тимерге” барсаңыз], кадимки жоокердей болосуз. Аскердик стажыңыз толукталат, толук камсыздандырууга ээ болосуз... Милдет гана бирдей болот. Ыктыярчылар, менин билишимче, медициналык кароодон өтпөйт. Арыз жазышат, аларга мамлекет тарабынан батальондогудай жакшы колдоо көрсөтүлбөйт. Булардан тышкары Татарстандан ар дайым гуманитардык жардам берилет. Мамлекет бул батальондорго көп акча, сокку уруучу квадрокоптерлерди да берет. Керектүү нерселердин баары ашыгы менен сатып алынып турат, – деп ишендирүүгө аракет кылды аскер комиссариатындагы кызматкер.

– Биз алдыңкы чекте болобузбу?

– Ооба, ооба, сөзсүз. Артта калам, ботко бышырып, тамак таратам, гуманитардык жардамды кабыл алуу менен эле алектенем деп ойлобоңуз. Андай болбойт. Булар эң алдыңкы чекте салгылаша турган батальондор болот.

Татарстандан батальондор Украинага жөнөй элек. Ошондуктан аскерлерге алар убада кылгандай акча төлөнөр-төлөнбөстүгүн, алар фронтто эмне кыларын текшерүү азыр мүмкүн эмес. Ал эми "БАРС" батальондоруна, “Idel.Реалиинин” маектештери айткандай, "ботко бышыруу, тамак-аш таратуу, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу" да болот, ошондой эле "чыныгы аскер адамдары" болосуңар деп убадаланган экен. Бирок Украинага жөнөтүлгөнгө чейин аскер бөлүгүндө баары өзгөрдү.

***

Татарстандын Мензелинский районунун аскер комиссары Сергей Владимиров төрт жергиликтүү тургунду “Алга” батальонуна узатуу иш-чарасында “булардын сүрөттөрү ардак тактага илинип турушу керек, анткени бул чынчылдык” деди. Ал ошондой эле “дал ушул күндөрү, 1941-жылы 23-июнда фашисттер биздин өлкөгө кол салган кезде 30 мензелинден турган биринчи отряд фронтко жөнөгөн эле” деп эскерди.

– Мына эми 81 жыл өттү. Бүгүн биз республикалык “Алга” батальонун толуктоо үчүн мензелиндердин (Мензелин – Татарстандагы жердин аты. – Ред.) биринчи курама отрядын узатып жатабыз. Коюлган максаттар аткарылат деп ишенем. Жеңиш биздики болот!

Андан ары видеодо Владимировдун төрт ыктыярчы менен чогуу сүрөткө түшкөн кадры көрүнөт; ким экенин жашырыш үчүн алардын жүзү бүдөмүк кылынган. Бирок алардын даана тартылган сүрөттөрүн райондук башка ЖМКлардын тапса болот.

Ыктыярчылар жана жалданмалар көбүнчө жүзүн жашырышат. ЖМКларда алардын үй-бүлөсүнө эч ким эч кандай таасир эте албашы үчүн ушинтишет экен деп түшүндүрүшөт. Анткен менен “Idel.Реалиинин” бир нече батальондон келген маектештери аскерлердин өздөрү Украинада согушканын эч ким билбей калышын каалайт дешти.

"Чакыруу келсе, барабыз "

“Idel.Реалии” менен маектешкендердин арасында кызматка, анын шарттарына абдан ыраазы экенин айтып, аты-жөнүн да жашырбагандар болду. Нижнекамск шаарынан келген 56 жаштагы Фергат Багаутдинов башка маектештерибиз сыяктуу эле согушка кетүүнү чечиптир, бирок маанайы көтөрүңкү. Аны менен маектешкенде: “идея үчүн бардым”, “кайратымдан кайткан жокмун”, “чакыруу келсе, барабыз”, “жеңишке жетер жолдобуз”, “арам күчтөрдү жеңебиз” ж.б.у.с. дейт. Биз менен сүйлөшкөндөрдүн арасында ушундай кооз сөздөрдү айткан башка ыктыярчылар болгон жок.

Калган маектештерден айырмаланып, Багаутдинов "БАРС", “Алга” же “Тимерге” эмес, башкалар сыяктуу эле ыктыярчы катары барган. Анын дагы бир айырмачылыгы: алдыңкы чекте согушпай эле, ашпозчу болуп иштеген.

Ал кийим-кечени баары "Казань жана Ростов шаарларынын аскер комиссариаттарынан бөлүнгөн жардамдын эсебинен” берилгенин айтат. Эмне үчүн башка кесиптештери мунун тескерисин айтууда деген тактоочу суроолорго ал азыр маселе "Украинада тынчтык жоктугунда" деп жооп берди:

"Бейпилдик жок, биз барган жерде тынчтык жок. Биз барбасак болбойт. Биз ал жерге тынчтык орнотуу үчүн – калкка жардам берүү үчүн, ошондой эле тынчтыкка жана ынтымакка каршы чыккандардын катаал, туура эмес аракеттерине жооп берүү үчүн бардык. Дагы бир жолу айтам: ал жакта тынчтык, жакшылык жана ынтымак жок болгон. Кудай буюрса, биздин күчтөр, биргелешкен күчтөр менен баарын жөнгө салабыз".

Орусия басып алганга чейин Украинада тынчтык өкүм сүрдү беле деген суроого ал жооп берген жок.

Борис ошол Багаутдиновдун багы бар экен дейт. Жаштыгынан, мурда согушка катышып көрбөгөнүнөн улам ушундай болгон окшойт дейт.

“Мындай адамдар фронтто такыр болгон эмес, биз аларды такыр көргөн жокпуз. Алар ботко эле кайнатышчу”, – дейт ал.

Бирок кесиптештери менен бөлүктөн Ростовго, анан үйгө кантип барууга аракет кылганын “Idel.Реалииге” айтып берген Виктор Украинага кайрадан (“Алга” аркылуу) барууга даяр экенин айтты.

"Азыр алар жаңы полкторду түзүп жатышат... Ал эми Минниханов [Татарстандын президенти] эч кандай кошумча төлөмдөр берилбей, башаламандык болуп жатканын билеби? Бизге окшогон ыктыярчылардын кереги жок деп чечишти окшойт. Рамзан Кадыровго окшоп өзүбүз эле каражат чогултуп, куралдандырып жөнөтөлү дешеби? Мен да азыр баргым келет, “Алга” менен жөнө деп жатышат. Жакында медициналык кароодон өтөм. Ал жерде үч күн эмес, бир ай даярданышат, андан кийин үч ай ал жакта согушка жөнөшөт. Көпчүлүк ал жакка акча үчүн эмес, мекенчил болгону үчүн барышат, барып жардам берүүнү каалашат. Ал эми бизге болгон мамиле... эми өзгөрөт деп ишенем. Мен аскер адамдарын деле күнөөлөгөн жокмун. Баарынын чаалыгып калышты окшойт. Мындай жаңжал... Бул Чеченстан эмес, Ооганстан эмес, алда канча олуттуу", – дейт Виктор.

Борис, кесиптештеринен айырмаланып, бул жагдай кандайдыр бир жол менен чечиле турган эле нерсе деп үмүттөнөт.

"Биз үчүн дагы бир нече күн бою позицияда турганыбыз таң калыштуу болду. Бирок бул үчүн ыктыярчыларга кошумча акы төлөнбөйт. Бизге башында эле четте, тылда болосуңар деп айтышкан эле, бирок ал жакка келгенде дароо эле тылда болобуз деп ойлобогула дешти. Кабыл алуу бюросу өзү эч нерсе билген эмес. Ардагерлер жөнүндөгү мыйзам өзгөртүлүп, ал жерде “ыктыярчы” деген сөз пайда болот деп ишенем”, – деп жыйынтыктайт ал.

“Азаттыктын” татар-башкыр редакциясы “Idel.Реалии” макаласын орус тилинде бул жерден окуңуз.

XS
SM
MD
LG