Москвадан Ошко бараткан учак техникалык мүчүлүштүктөн улам Бишкекке конду. Окуя 4-августта эртең менен болгонун "Манас" эл аралык аэропортунун сурап-билүү кызматы билдирди.
Учак "Урал аба жолдору" компаниясына таандык. Техникалык мүчүлүштүктүн себеби айтыла элек. Жүргүнчүлөр мейманканага жайгаштырылды. Учак Ошко качан учары азырынча белгисиз.
Кыргызстандын Бишкек жана Ош шаарларынан Орусиянын бир канча калаасына жергиликтүү жана орусиялык компаниялар күнүгө үч-төрт каттам аткарышат. (SE)