Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Ноябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:52

"Кабар" агенттиги ТИМдин Тайванга байланыштуу билдирүүсүн жарыялады


Тышкы иштер министрлигинин имараты.
Тышкы иштер министрлигинин имараты.

"Кабар" улуттук маалымат агенттиги Тайвандын тегерегиндеги окуяларга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) билдирүүсүн жарыялады.

3-августта агенттиктин сайтына чыккан маалыматта Бишкек кыргыз-кытай ортосундагы бардык негизги документтеринде көрсөтүлгөндөй "Тайвань маселеси" боюнча турумун өзгөртбөстүгү жана "бирдиктүү Кытай" саясатын колдоорун тастыктай турганы белгиленген.

Ошондой эле Кыргызстандан Тайвандын айланасындагы окуяларга кылдаттык менен көз салып турганы айтылат. Бирок бул билдирүү Тышкы иштер министрлигинин сайтына же социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланган жок.

2-августта АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси Тайванга иш сапар менен барышы эл аралык коомчулуктун бүйүрүн кызыткан окуялардын бири болду.

Расмий Бээжин Пелосинин сапарына каршылыгын билдирип, арал тарапта аскердик машыгууларды баштарын жарыялады. Нэнси Пелоси Кытайдын каршылыгына карабай, Вашингтон Тайванды колдоодон баш тартпай турганын айтты.

1950-жылдары Кытайдын Коммунисттик партиясы менен күрөштө утулуп калган "Гоминьдан" партиясы өлкөнүн Тайван аралында баш калкалап, аны жана анын айланасындагы бир нече аралды өзүнчө мамлекет деп жарыялаган. Алар өздөрүн 1911-жылы түзүлгөн Кытай Республикасынын мураскери катары көрүшөт. Тайван Тайбэй шаарын өз борбору деп санайт.

Ушул тапта Тайванды өз алдынча мамлекет катары 14 гана өлкө тааныйт. Расмий Бээжин аралды өзүнүн бир бөлүгү катары карап, ага каршы саясат жүргүзүп келет. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG