Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Украина: эки шаар аткыланды, Крымга дрондон чабуул жасалды


Орусиянын соккуларынан жабыркаган Николаев облусундагы турак жайлар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиянын соккуларынан жабыркаган Николаев облусундагы турак жайлар. Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку суткада Украинанын эки шаары – Николаев менен Харьковду Орусиянын күчтөрү адаттан тыш катуу аткылады. Украин бийлиги буга байланыштуу Донецк облусундагы жашоочулар милдеттүү түрдө эвакуацияланарын маалымдады.

Фронттук линияда кармаш уланууда. Жекшембиде Москванын аннексиясындагы Крымга дрондон чабуул жасалды.

Күчөгөн чабуулдар, кечиккен эвакуация

Украинанын бир катар шаар-кыштактары сыяктуу эле Николаевди аткылоо тууралуу кабар акыркы күндөрү күн сайын чыгып жатат. Орус тарап 29-июлда кассеталык бомбалар менен сокку уруп, сегиз адам өлгөн. Ушундай эле чабуулдар 30-31-июлда да катталып, бир нече адам мерт болду.

Шаар башчысы Александр Сенкевич Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн соңку чабуулдары жөнүндө Телеграм-каналында мындай деп жазды:

Николаевдеги талкаланган үйлөр
Николаевдеги талкаланган үйлөр

“Бүгүн Николаев жапырт аткылоолорго туш болду. Муну согуш башталгандан берки эң катуу чабуул деп атасак да болот. Түнкүсүн болуп көрбөгөндөй жарылуулар катталды, таңга жуук да ошондой болду. Бир нече объект, турак жайлар талкаланды. Куткаруучулар иштеп жатат”,- деди ал.

Жекшемби күнү Харьковдун бийлиги да Орусиянын армиясынын ургаалдуу чабуулу уланганын маалымдады. Шаар мэри Игорь Терехов Немышлян районунда катар-катар жарылуулар орун алганын, турак жайлар өрттөнүн, киши өмүрүнө зыян келгенин билдирди. 29-июлда ушул эле шаардын борбордук бөлүгүндө көп кабаттуу үйлөргө тийген бомбалардан бир нече киши өлгөн.

Ал ортодо Украинанын бийлиги Донбасс аймагындагы жарандарды коопсуз аймактарга милдеттүү эвакуациялоо башталганын жарыялады. Бул аймакка Луганск менен Донецк облустары кирет, бирок чыгарып кетүү негизинен бир эле облустун аймагында жүрөрү кеп болду.

Муну соңку кайрылуусунда кабарлаган президент Владимир Зеленский “бул канчалык ыкчамыраак ишке ашса, Орусия ошончолук азыраак зыян келтирет” деп айтты.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

"Мен мындай мотивацияны катуу кагылыштар жүрүп жаткан Донбасстын аймагында калган бардык жарандарыбызга жеткиргим келет. Ал жакта азыр жүз миңдеген адамдар, он миңдеген балдар бар. Көпчүлүгү кетүүдөн баш тартып келет. Бирок эми чындап кетиш керек. Баары бир мындай чечимди кабыл алууга туура келет. Баары бир! Мага ишенгиле. Донецк облусунан канчалык көп адам чыгып кетсе, Орусиянын армиясы ошончолук аз адамды өлтүрүүгө үлгүрөт. Ошондуктан эгер силерде мүмкүнчүлүк болсо Донбасста калгандар менен сүйлөшкүлө. Үй-бүлөсү, балдары менен чыгып кетүүгө көндүргүлө. Колуңардан келсе жардам бергиле. Донецк облусунан милдеттүү түрдө эвакуациялоо тууралуу өкмөттүн чечими бар, баары уюштурулат. Бардык жардамдар берилет", – деди ал.

Президенттин кайрылуусун чечмелеген вице-премьер Ирина Верещук Донецк облусунан жалпы 200 миңдей адам эвакуацияланарын тактады. Ал сөзсүз чыгып кетүүгө дагы бир жүйө катары аймактын инфратүзүмдөрү талкаланганын, кышта жылуулук берүү такыр мүмкүн эмес экенин айтты. Верещук чыгып кеткиси келбегендер кагаз жүзүндө баш тартып, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн өмүрүнө өзү жоопкерчилик алышы керектигин кошумчалады.

Еленовкадагы кыргын кайра көтөргөн маселе

Донецк менен Луганск облустарындагы көпчүлүк аймактарды сегиз жылча убакыттан бери ансыз да жикчилдер ээлеп отурушкан. Быйыл февралда Орусиянын аскерлери басып киргенден кийин украин бийлиги бул аймактагы дагы бир нече шаар-кыштактарын алдырды.

Украинанын картасы. Жикчилдер 2014-жылдан бери ээлеп турган аймактар кызыл менен белгиленген.
Украинанын картасы. Жикчилдер 2014-жылдан бери ээлеп турган аймактар кызыл менен белгиленген.

Ошого карабай облустун башка аймактарындагы элдин баары коопсуз жакка чыгып кеткен эмес. Бийлик кечигүү менен болсо да калкты милдеттүү түрдө чыгарып кетүү маселесин жайкын тургундар көп кырылып, көп кабаттуу турак жайлар жана жер үйлөр жапырт талкаланганы менен түшүндүрүлүүдө.

Украин бийлиги “Орусия жерди басып алуу үчүн адамдарды кырып салуудан кайтпай” турганын белгилеп жатат. Мурдараак буга фронттук линиядан алыс турган шаарлардагы кыргындар мисал келтирилсе, Еленовкадагы кыргын ал кооптонууну дагы да таасын көрсөткөнү айтылды.

29-июлда Донецк облусунун жикчилдердин көзөмөлүндө турган Еленовка шаарчасындагы абакка сокку урулуп, анда туткундалып турган 53 украин аскери мерт болгон, 100дөн ашыгы жарадар болгон. Жикчилдер сокку үчүн Украинанын күчтөрүн айыптаса, Киев кылмышты Москва “украин күчтөрүн дискредитациялоо үчүн” атайылап жасаганын билдирүүдө.

Согуш башталгандан бери эл аралык коомчулукка Орусияны террордук-мамлекет деп таануу талабын коюп келаткан украин президенти Владимир Зеленский бул кыргындан кийин дагы да ушундай билдирүү менен чыкты.

"Узаган суткада көптөгөн өлкөлөр Еленовкадагы Орусия жасаган террордук актыны айыптаган билдирүүсү чыкты. Дүйнө чындыкты көрүп жатат. Биздин туткундарды жазалоо үчүн жасалган бул каардуу окуя боюнча чындыкты аныктайбыз. Баскынчылардын кылмышына бардык далилдер табылат. Бирок азырынча ал аздык кылат. Эл аралык коомчулук террордук мамлекетке карата юридикалык кадамдарын сөзсүз түрдө жасашы зарыл. Саясий риторикада бул массалык кыргын үчүн жөн эле айыптап коюу жетишсиз. Мындай террорчулар менен кантип мамиле кыласыңар? Мындай мамлекет менен мындан ары кантип мамиле кыласыңар?", – деди украин президенти соңку кайрылуусунда.

Мурдараак АКШнын Сенаты Орусияны террордук мамлекет деп таануу тууралуу резолюция кабыл алган. Бирок Кошмо Штаттардын бийлиги буга толук даяр эмес болуп турат.

Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен соңку басма сөз жыйынында билдиргендей, эгер АКШ Орусияны террорчулуктун демөөрчүсү деп тааныса, анда ага салган санкцияларды ага өнөктөш өлкөлөргө туура келип калат. Мындан сырткары Орусия менен азыркы минималдык деңгээлдеги дипломатиялык мамилелерди жүргүзүү да мүмкүн болбой калат.

Энтони Блинкен
Энтони Блинкен

“Азыр башка мамлекеттер Орусияга карата колдонгон чаралар аны террорчулукту колдогон мамлекет катары таануудан кийин жасала турган аракеттерге тете. Башкача айтканда, биз аны ошондой кесепеттерди тартууга ушул маалда деле мажбурлап жатабыз”,- деди Блинкен Вашингтондогу басма сөз жыйынында.

Украин президенти өз кайрылуусунда Бириккен Улуттар Уюмун Еленовкадагы окуя болгон жерде көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырды. БУУнун баш катчысынын басма сөз өкүлү Фархан Хак эки тарап макул болсо, уюм Еленовкага эксперттерди жөнөтүүгө даяр экенин маалымдар кылды.

Крымдагы “сырдуу дрондун” иши

Бул арада аннексияланган Крым жарым аралынын Севастопол облусундагы Орусиянын аскердик-деңиз күчтөрүнүн штабына учкучсуз учак чабуул жасаганы маалым болду. Севастополдун губернатору Михаил Развожаев бул жөнүндө Телеграм-каналында кабарлап, мындан алты адам – штабдын кызматкерлери каза тапканын жазды. Жаракат алгандар жок.

Кара деңиз флотунун басма сөз кызматы анча күчтүү эмес жардыруучу зат чакан дрондон ташталганын билдирди. Крымдын атынан Орусиянын Федерация Кеңешинде мүчө болгон Ольга Ковитиди учкучсуз учак шаардын ичинен учурулганын жазып, аны аткаргандар изделип жатканын айтып чыкты.

Крымдын картасын карап турган киши
Крымдын картасын карап турган киши

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Крымдагы чабуулду комментарийлей элек. Украинанын Одесса облусунун башчысы Сергей Братчук өз Телеграм-каналында окуя жөнүндө пикирин бөлүшүп, аны "чагым" деп атады. Ал “Крымды бошотуу мындай эмес, мындан катуураак болорун” эскертип, ага убакыт жете электигин кошумчалады.

Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы аннексиялап, өзүнө кошуп алган. Донбасс аймагы деп аталган Донецк менен Луганск облустарындагы орусиячыл жикчилдер ошол тушта эле өзүн-өзү "республика" деп жарыялаган. Москва 21-февралда түзүмдөрдү мамлекет катары таанып, 24-февралда аларды коргоо максатында "атайын аскердик операция" деген жүйө менен Украинага басып кирген. Согуш уланып жатканына беш айдан ашты.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG