Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Сентябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:52

Киевдин айланасына сокку урулду


Украинанын чыгышындагы Бахмут шаарындагы отелдин урандыларынын алдынан куткаруучулар жабыркагандарды чыгарып жатышат. 28-июль, 2022-жыл.
Украинанын чыгышындагы Бахмут шаарындагы отелдин урандыларынын алдынан куткаруучулар жабыркагандарды чыгарып жатышат. 28-июль, 2022-жыл.

Украин күчтөрү өлкө түштүгүндөгү орус аскерлеринин көзөмөлүнө өтүп кеткен аймактарды кайтаруу үчүн контрчабуулга өткөн маалда, Москва Киевдин тегерек-четине абадан сокку урду.

28-июлда орус күчтөрү Украинанын борбордук бөлүгүндөгү Кировоград облусуна урган соккудан беш кишинин өмүрү кыйылды. Кропивницкий шаарына жасалган чабуулдан 26 адам жараат алды. Киевдин жака белиндеги аскердик базаны аткылоодон 15 киши жабыркады.

"Орусиянын армиясы Киев, Кропивницкий, Николаев облустарына ракеталык соккуларды урду. Донбассты аткылоону улантты. Бул террорго каршылык көрсөтүп жаткан ар бир адамга ыраазычылык билдирем", - деди Украинанын президенти Владимир Зеленский 29-июлга караган түнү жасаган кайрылуусунда.

Орус армиясы Чернигов жана Харьков облустарына да сокку урду. Черниговдун губернатору Вячеслав Чаус билдиргендей, Беларус тараптан орус күчтөрү Гончаров айылын аткылашкан. Аталган облуска бир нече аптадан бери чабуул жасала элек болчу.

Херсонду кайтаруу операциясы

Орусиянын бул соккулары украин күчтөрү Херсондогу контрчабуулун күчөткөн маалга туш келди. Украин армиясы 28-июлда аталган аймактагы орус аскерлеринин беш позициясына сокку урганын билдирди.

Соңку жумаларда украин күчтөрү Батыш берген ракеталык системаларды колдонуу менен Днепр дарыясы аркылуу өткөн үч негизги көпүрөнү иштен чыгарды.

Бул көпүрөлөрдү орус аскерлери өз армиясын курал-жабдык менен камсыз кылуу үчүн колдонуп келген. Маалыматты Херсондун Москва дайындаган губернатору Кирилл Стремоусов дагы ырастады.

"Көпүрө азыр жабык. Аны аткылагандар Херсон шаарынын жана Херсон облусунун карапайым тургундарынын гана жашоосун оорлотту. Дагы бир жолу белгилейм, бул согуштук аракеттердин жыйынтыгына эч кандай таасир бербейт. Бул пайдасыз контрчабуул", - деди Стремоусов.

Херсон облусу Орусия аннексиялап алган Крым жарым аралы менен чектешет. Москва Херсонду 24-февралда Украинага басып киргенден көп өтпөй басып алган.

Британиянын Коргоо министрлиги 29-июлда тараткан отчетунда Москва согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып “ЧВК Вагнер” сыяктуу жеке менчик аскердик компаниялардын жалданма жоокерлерин колдонуп жатканы маалымдалган.

Бул компанияны Орусиянын президенти Владимир Путиндин жакын санаалашы Евгений Пригожин көзөмөлдөйт деген кептер бар. Британ чалгын кызматтары боолгогондой, аскерлер жетишпегендиктен Кремль согушкерлерди сырттан жалдоого аргасыз.

Орусиянын Украинадагы жоготуулары

28-июлда америкалык мыйзам чыгаруучу Элисса Слоткин CNN каналына курган маегинде Украинадагы согушта Орусия 75 миңдей аскеринен айрылганын билдирди. Бул сан Москва Украинага жөнөткөн аскерлеринин дээрлик жарымын түзөт.

Слоткин маекти утурлай президент Жо Байдендин администрация өкүлдөрү менен жабык брифингге катышкан.

"Бизге маалымдалгандай, 75 миңден ашуун орус аскери Украинада өлтүрүлгөн же жараат алган. Бул өтө көп көрсөткүч", - деди Слоткин.

Американын Борбордук чалгын кызматынын эсебинде, Украинада 15 миңдей орусиялык аскер курман болгон. Ал эми украин президенти Владимир Зеленскийдин билдирүүсүндө, бул сан 40 миңдин тегерегинде.

Москва жоготуулар тууралуу акыркы жолу мартта гана маалымат берип, Украинада 1351 жоокери өлгөнүн ырастаган. Ошол бойдон үн ката элек. Эгер АКШ жарыялаган сан ырасталса, Орусия урушта чоң жоготууга учурап жатканынан кабар берет.

Орусия Украинада миңдеген аскеринен айрылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:16 0:00

XS
SM
MD
LG