Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Зеленский Украина заманбап куралдарга ээ болгонун айтты


 Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку видео кайрылуусунда Батыш өлкөлөрүнөн, көбүнчө АКШдан заманбап куралдарды алуу процесси дале уланып жатканын маалымдады. Ал ушул убакка чейин украин аскерлери алган курал-жарак Орусиянын күчтөрүнө олуттуу сокку урууга жетиштүү болгонун, мындан ары согуш талаасында баланс өзгөрөрүн билдирди.

Зеленский Куралдуу күчтөрдүн башкы командачысынын, Башкы чалгын кызматынын жетекчисинин, Сырткы чалгын кызматынын башчыларынын, коргоо министринин, ички иштер министринин катышуучулары менен жыйын куруп, контрчабуулга даярдыктар талкууланганын кошумчалады.

“Айрым тактикалык багыттар боюнча биздин позицияларды дагы да күчөтүү милдеттерин аныктадык. Аскерлерге жаңы курал-жарактарды жеткирүү маселелерин иштеп чыктык. Душмандар сокку урууну дагы да күчөтүү керек. Биздин күчтөр фронтто алдыга жылуу үчүн жана баскынчыларга сезилерлик жоготууларга алып келе турган уруу үчүн жетиштүү потенциалга ээ болду”, - деди Владимир Зеленский.

Британиянын Чалгын кызматы 22-июлдагы бюллетенинде, украин күчтөрү орус аскерлеринин Углегорск жылуулук электр станциясын (ЖЭБ) аткылоосун токтотуп, ийгиликтүү жооп кайтарышканын кабарлады. Орус тарап Донецк шаарынан 50 чакырымдай аралыкта турган бул шаардагы стратегиялык станцияны басып алууга көптөн бери аракет кылып келет.

Ошол эле маалда Орусиянын армиясы Краматорск жана Северск шаарларын аёосуз аткылоосун улантты. Аткылоо зениттик-ракеталык комплекстер менен жүрүп жатат. Британ чалгынчылары Москва стратегиялык С-300 жана С-400 системаларынан аткылоону азайтканын байкап, муну жер-жерлерде дүрмөттөр жетишпей жатканы менен байланыштырды.

20-июлда АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Украинага дагы төрт HIMARS реактивдүү артиллериялык системасы жөнөтүлөрүн маалымдаган. Вашингтон Киевге буга чейин HIMARS системасынан 12 даана жөнөткөн. Жаңы системалар келсе, алардын жалпы саны 16га жетет. Алыскы аралыкка атчу бул курал аркылуу украин күчтөрү орус аскерлеринин курал-жарак кампаларына жана башка объектилерине сокку ура баштады. (ErN)

XS
SM
MD
LG