Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Өспүрүм кыздарды рак илдетине каршы эмдөө башталат


Папиллома вирусунун сүрөтү.
Папиллома вирусунун сүрөтү.

Кыргызстанда быйыл өспүрүм кыздарды жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө башталат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, ракты козгоочу папиллома вирусуна каршы вакцинанын биринчи дозасы ноябрь айынан тартып 11 жаштагы кыздарга сайылат. Кийин бир жыл аралыгында 12-14 жаштагы кыздар да эмделет.

Эмдөө бекер болот, жалпысынан 300 миңдей кызды камтуу пландалууда.

Вакцинаны сатып алууга эл аралык уюмдар жардам берет. Эмдөөнүн бул түрү 2006-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө карата папиллома вирусуна каршы вакцина 112 өлкөнүн эмдөө боюнча улуттук календарына кирген.

Кыргызстандын улуттук календарына ылайык, балдар жана чоңдор оор илдеттердин 13 түрүнө каршы вакцина алып, ден соолугун коргоо кепилдигине ээ боло алат.

Жатын моюнчасынын рагына жыл сайын Кыргызстанда 500дөй аял чалдыгууда, көбү доктурга адатта илдет өтүшүп кеткенде кайрыларын, аларды сактап калуу оор экенин дарыгерлер айтып келишет.

XS
SM
MD
LG