Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

Күмөндүү кайрымдуулук: Кадыровдун такыбалык образы кантип түзүлөт?


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров (ортодо) жаңы мечиттин ачылышында көз жашын сүртүп жатат. Курчалой шаары, 5-октябрь, 2009-жыл.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров (ортодо) жаңы мечиттин ачылышында көз жашын сүртүп жатат. Курчалой шаары, 5-октябрь, 2009-жыл.

Чеченстандын бийлигинин Курман айт майрамында кой таратуу өнөктүгүн өткөргөнү үчүн Ахмат Кадыров фондунун ишмердүүлүгү тууралуу күмөн суроолор жаралды.

Орусиянын курамындагы республиканын башчысы Рамзан Кадыров атасынын атындагы фонд 55 миң койго каражат бөлгөнүн, анын 12 500ү Сауд Арабиясында жашаган муктаж адамдарга жөнөтүлгөнүн айтты. Бул фонддун ушуга окшогон кайрымдуулук иштери жалпыга маалымдоо каражаттарында байма-бай чагылдырылып турат. Бирок ага чогулган каражат шек жаратты.

Быйылкы Курман айт майрамында Чеченстанда Украинадагы согушта же башка жагдайларда каза болгон жана жараат алган аскерлердин үй-бүлөлөрү, колунда жок муктаж адамдар үчүн кайрымдуулук акциясы өткөрүлдү. Өнөктүктүн алкагында кой сатып алууга эле кеминде 50 миллион рубль жумшалган.

9-июлда Курман айтка карата өткөрүлгөн акция масштабдуу маалымат кампаниясы менен коштолуп, иш-чараны мамлекеттик басылмалар дембе-дем жазышты. “Грозный” каналы акция тууралуу сюжеттерди эл телевидениени эң көп көргөн убакытта көрсөттү.

8-июлдагы кечки жаңылыктарда бир эле учурда үч сюжет чыкты. Эртеси кой бөлүштүрүү боюнча сегиз мүнөттүк репортаж, 12-июлда дагы эки материал эфирге берилди.

Ахмат Кадыров атындагы фонд жыл сайын мусулмандардын майрамына жана башка маанилүү диний майрамдарга карата кайрымдуулук акцияларын уюштурат. Аны кеңири жайылтууга жергиликтүү бийлик чоң маани берет.

Маселен, 2016-жылы Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө карата фонд тарабынан жакыр үй-бүлөлөргө тонналаган ун, күрүч, кумшекер жана эт таркатылган. Чыгымды толугу менен фонд көтөргөнү кабарланган.

Курман айтта базардан кой сатып алгандар. Шали, Чеченстан, 9-июль, 2022-жыл.
Курман айтта базардан кой сатып алгандар. Шали, Чеченстан, 9-июль, 2022-жыл.

Ахмат Кадыров фонду - өлкөдөгү эң күмөндүү жана жабык уюмдардын бири. Ага адамдар “өз каалоосу менен” каражат салууга мажбур болору бир нече жолу айтылган. Орусиялык “Коммерсантъ” басылмасы “фонддун бюджети жергиликтүү бийлик кызматкерлеринин айлык акысынын бир бөлүгүнөн, ишкерлер берген акчадан турат” деп жазды.

Рамзан Кадыров бул маалыматты четке кагып, эл өз ыктыяры менен гана акча салып жатканын билдирип келет. Ал эми маалымат каражаттары фондго чогулган акча жана анын сарпталышы күмөндүү экенин жазып, аны Рамзан Кадыровдун “альтернативдик казынасы” деп атайт.

Ислам аалымы, орусиялык университеттердин биринин атын атагысы келбеген изилдөөчүсү "кайрымдуулук үчүн мажбурлоо менен кыйнап акча чогултуу Ислам динине каршы келип, арам деп эсептелерин" айтты.

“Ислам дининин талабы боюнча бул туура эмес. Адам биринчи кезекте үй-бүлөсүнө кам көрүшү керек. Этикалык жагын айтпаганда да, кишини каржы булактарынан ажыратпоо зарыл. Азыркы иштер кысым менен жасалып жатканы көрүнүп турат”, - деди ал.

Ислам аалымы мусулмандар зекет берүүгө милдеттүү экенин, бирок кайрымдуулук кылууну ар бир адам өзү чечерин жана башкалар аны садага берүүгө мажбурлай албай турганын кошумчалады.

Ахмат Кадыров фонду Чеченстанда эле эмес чет өлкөдөгү мусулмандарга да көңүл бурарын билдирип келет. 2016-жылы Орозо айынын аягына чейин 25 миңден ашык сириялыкты бакканы кабарланган. Бул жардам тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова да айтып чыккан. Маалымат боюнча, орозодо фонддон жардам алган сириялыктардын саны 20 миңден 600 миңге чейин жеткен.

2017-жылы Сириянын Алеппо шаарынын муфтийи Махмуд Акем шаардагы Омейяд мечитин калыбына келтирүүгө Кадыров фонду 14 миллион доллар бөлгөнүн билдирген. Бирок сириялык оппозициялык Baladi news сайты бул Башар Асаддын режимин каржылоо үчүн жөн гана шылтоо болгонун жазган.

“Кавказ элинин ассамблеясынын” жетекчиси Руслан Кутаевдин айтымында, Чеченстан имиджин көтөрүү үчүн эл аралык кайрымдуулук акцияларын өткөрөт.

“Чеченстан Орусиядагы катардагы аймак эмес. Акыркы жылдары Рамзан Кадыров өзүн эл аралык юридикалык жактын жетекчиси катары көрсөткүсү келип атат. Ошондуктан эл аралык акцияларга байланышкан ар кандай тема ал үчүн абдан маанилүү. Кандай гана болбосун кайрымдуулук акциясы менен ал ушундай адам, фонд бар экенин көрсөтүп, республика бар деп айткысы келгендей”, - дейт укук коргоочу.

Чеченстандын телеканалдарында эң көп көрүлгөн окуя коронавирус пандемиясынан улам чектөөлөр учурунда Кадыров атындагы фонд тарабынан тамак-аштын таркатылышы болду. Катаал чектөөлөр маалында Чеченстанда 2 миллион 351 миң 965, Орусиянын аймактарында 117 214 жана чет өлкөлөрдө 42 967 азык-түлүк пакеттери таратылганы айтылат.

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров (ортодо) элдик чыгармачылык фестивалында дасторкондо отурат. Беной айылы, 23-июнь, 2022-жыл.
Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров (ортодо) элдик чыгармачылык фестивалында дасторкондо отурат. Беной айылы, 23-июнь, 2022-жыл.

Ахмат Кадыров атындагы фонд жыл сайын мечит, медреселерди курат. Фонд ошондой эле ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрүнө акчалай каражат бөлүп берет. Шали шаарындагы мечиттин ачылышында “Мухаммед пайгамбарга тасбих” сынагынын жеңүүчүлөрүнө 25, 50 жана 100 миң доллардан берилген. Бул мелдеш Ахмат Кадыровдун туулган күнүнө карата өткөрүлгөн.

Фонд ошондой эле Чеченстандын башчысынын апасы, Ахмат Кадыров атындагы фонддун расмий жетекчиси Аймани Кадырова тууралуу ыр сынагынын финалисттерине миллион рубль бөлгөн. Мындай аракеттерди жергиликтүү телеканалдар сөзсүз көрсөтөт.

Мындай кайрымдуулук иштердин фонунда жергиликтүү телеканалдарда Кадыровго жардам сурап кайрылгандар тил укканы жөнүндө репортаждар да чыккан. Гехи айылынын тургуну республиканын башчысынан үй-бүлөсүн тамак-аш менен камсыз кылууну өтүнгөн. Бирок ал иштебей, жада калса короосундагы бакчасын карабаганы үчүн тил уккан.

2020-жылдын күзүндө АКШнын Каржы министрлиги “Магнитский актынын” негизинде Кадыров атындагы фондду санкциялык тизмеге кошкон.

2021-жылы Ахмат Кадыров атындагы фонд каржылык отчетунда эч кандай киреше албаганын билдирген. Фонддун жетекчилеринин маалыматына караганда, 2019-жылы фондго 6 миллиард рубль чогултулуп, кийинки эки жылда каражат түшкөн эмес. Эксперттер коммерциялык эмес уюмдун мындай отчетуна ынанышпайт.

Кавказ.Реалии сайтынын журналисти Бека Ацаевдин материалынан которулду. Түп нускасы бул жерде.

Которгон: Бакыт Төрөгелди уулу

XS
SM
MD
LG