Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:04

Чолпон-Ата: Борбор Азия лидерлери келишимге кол койду

Чолпон-Атада Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчыларынын төртүнчү кеңешмеси аяктады.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Чөлкөмдүн лидерлери биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

11:47 21.7.2022

Касым-Жомарт Токаев: Илимдер академясынын алкагында электрондук маалымат алмашуу, анын ичинде тарыхый маалымат алмашууну күчөтөбүз.

Билим берүү жана илим жаатында кызматташалы. Негизги ЖОЖдордун филиалдары ачылсын. Жакында Аль-Фараби атындагы университеттин филиалы Бишкекте ачылды.

11:57 21.7.2022

Касым-Жомарт Токаев: Казакстан транс чек аралык дарыялардагы суу ресурстарын бири-бирине пайдалуу шартта пайдалануунун алкагында биргелешкен гидроэнергетикалык стратегиялык долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет. Ушул аспектен алып караганда Кыргызстандагы "Камбар-Ата-1" ГЭСин куруу долбоорун белгилесе болот. Кечээ биз үч президент бул маселени дыкат талкуулап, алдын ала конкреттүү, өтө пайдалуу макулдашууга келдик. ГЭС Борбор Азия өлколөрүндөгү энергетикалык коопсуздук камсыздоого, айыл чарба өндүрүшүн кеңейтүүгө жардам берет.

12:05 21.7.2022

Эмомали Рахмон: Борбор Азия маанилүү аймак болуп, дүйнөдөгү оюнчулардын атаандаштыгы өсүп баратат. Терроризм, экстремизм, маңзаттарды мыйзамсыз айлантуу тыйыла элек. Акыркы убактагы окуялар айрым күчтөр соцтармактар аркылуу аймакка бүлүк салуу аракетинде экенин көрсөттү. Алар жаштарды азгырып, террордук жана экстремисттик топтордун катарына тартып жатат.

12:07 21.7.2022

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG