Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү кеңешме жыйынынын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 20-июлда Чолпон-Атада бейформал жолугушту. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев үч президент кемеде сейилдегенин билдирди. Чолпон-Атада эртең, 21-июлга белгиленген жыйынга катышуу үчүн Түркмөнстан жана Тажикстандын президенттеринин келиши да күтүлүп жатат.
Чолпон-Атадагы бейформал жолугушуунун алкагында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев Бостериде этномаданий комплекси менен таанышты.
Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Өлкө башчыларын баатырлардын формасын кийген жигиттер менен улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.
Президенттер кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, боз үйлөрдүн ички жасалгасын, кол өнөрчүлөрдүн, улуттук музыкалык аспаптарды, ала кийиз, шырдак жасоочулардын өнөрканаларды көрүштү.