Шавкат Мирзиёев: Маданий кызматташтыкты күчөтүп, Борбор Азиянын фестивалдарын өткөрүп туруу абзел. Туризм жаатында кызматташуу абзел. Биз жаштарыбыздын көз караштары окшош экенин байкап жатабыз. Биргелешкен стартаптарга маани берүү керек.
Шавкат Мирзиёев: Энергиянын альтернативдүү булактарына өтүп, суу ресурстарын сарамжал пайдаланууга өтүшүбүз керек. Тилекке каршы, чөлкөм бул жаатта артта калууда.
Сердар Бердымухамедов: Экономикалык ченемдерге көңүл буруу зарыл. Биздин ортобуздагы соода жүгүртүү жалпы соода жүгүртүүнүн 5-10 гана пайызын түзүп жатат.
Өнөр жай кооперацияларын күчөтүү зарыл. Борбор Азиянын жалпы товарларын жана четтен келген товарларды алмаштыруучу тармактарга көңүл бөлүшүбүз керек.
Жыл сайын өтө турган экономикалык форум негиздешибиз зарыл.
Шавкат Мирзиёев: Жарандарыбыз эркин катташуусу үчүн бир катар тоскоолдуктарды алып салдык.