Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:23

Чолпон-Ата: Борбор Азия лидерлери келишимге кол койду

Чолпон-Атада Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчыларынын төртүнчү кеңешмеси аяктады.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Чөлкөмдүн лидерлери биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

11:45 21.7.2022

Касым-Жомарт Токаев: Аралдагы абалды жакшыртуу зарыл. Суунун көлөмү акыркы жылдарда 20-30% азайды. Ошон үчүн Кыргызстандын 2022-жылды Тоо жылы деп жарыялоо демилгесин, ал эми Тажикстандын 2025-жылды Мөңгүлөрдү сактоо жылы деген демилгесин колдойбуз. Казакстанда азыр 2700 мөңгү бар. Айрымдары өтө тездик менен эрип жатат. Туюк-Суу мөңгүсү акыркы жылдарда эле бир чакырымга чегинип, эрип кетти.

Кечээ үч президент менен ушул маселелерди талкууладык. Гидросистемаларды акыл менен пайдаланууну көздөп жатабыз. Кыргызстан менен бул жаатта фонд түзүп, анын алкагында кызматташабыз.

11:41 21.7.2022

Касым-Жомарт Токаев: Чек арада хабдарды ачып, товар жүгүртүүнү жакшыртуу керек. Өзбекстан, Кыргызстан менен мындай ишти баштадык. Тажикстан менен сүйлөшүп жатабыз. Түркмөнстан менен дан кампасын биргелешип куруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат.

11:38 21.7.2022

Касым-Жомарт Токаев: Чек араны тынчтык менен өз ара сыйлашуу жолу менен чечүү керек. Кечиктирүү жакшылыкка алып келбейт. Казакстан чек арасын толук чечкен. Чек ара маселесин чечүүгө эксперттер, тажрыйбалуу юристтер, картографтар катышышы керек. Казакстан жардам бере алат.

11:36 21.7.2022

Касым-Жомарт Токаев: Борбор Азия мамлекеттеринин кеңешмесине Орусия менен Кытай байкоочу катары катышса болот деп эсептейм.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG