Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

Чолпон-Ата: Борбор Азия лидерлери келишимге кол койду

Чолпон-Атада Борбор Азиядагы беш мамлекеттин башчыларынын төртүнчү кеңешмеси аяктады.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү Консультативдик жолугушуусунун жыйынтыгында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Чөлкөмдүн лидерлери биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты.

18:47 20.7.2022

18:00 20.7.2022

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 20-21-июлда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын кеңешме жыйынына катышуу үчүн Кыргызстанга келди.

Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушуунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. 20-июль, 2022
Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди. 20-июль, 2022
16:14 20.7.2022

Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин төрагалыгы алдында Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин кеңешмеси өттү.

Чолпон-Атада Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү. 20-июль, 2022
Чолпон-Атада Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны өттү. 20-июль, 2022

Министрликтин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, жолугушууга Казакстан, Тажикстандын тышкы иштер министрлери Мухтар Тлеуберди, Сирожиддин Мухриддин жана Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов, Түркмөнстандын элчиси Шадурды Мередов катышты.

Жыйындын катышуучулары 21-июлда боло турган Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыктын жүрүшүн талкуулашып, саммиттин күн тартибин жана жыйынтыктоочу документтердин долбоорлорун бекитишти.

Бул өлкөлөрдүн башкы дипломаттары өз ара аракеттенүүнүн беш тараптуу, анын ичинде “Борбор Азия+” форматтарын мындан ары өркүндөтүү зарылдыгы жөнүндө пикир алышты.

Тараптар БУУ, ЕККУ, КМШ, ШКУ жана башка эл аралык уюмдардын алкагында жемиштүү кызматташып, бул платформалардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилешип, көп тараптуу форматтарда тыгыз кызматташууну улантуу ниетин билдиришти.

15:37 20.7.2022

Садыр Жапаров: Борбор Азияда атаандаштык эмес, кызматташтык маанилүү

Президент Садыр Жапаров Борбор Азия өлкөлөрү ортосундагы соода-экономикалык мамиле атаандаштык эмес, бирин бири толуктап турчудай болушу керек деп эсептейт. Бул тууралуу ал бүгүн 20-июлда Чолпон-Атада Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Мухтар Тлеуберди, Сирожиддин Мухриддин, Владимир Норов жана Түрмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов менен жолугушууда айтты.

Президент Кыргызстан товар жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүүнү, чет өлкөлүк түз инвестиция тартууну жана кооперацияны өнүктүрүүнү маанилүү деп эсептей турганын белгиледи. Аймактагы ар бир өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган соода-экономикалык, энергетикалык, транспорттук жана башка кызматташтык жалпы Борбор Азияда туруктуулукту, коопсуздукту, тынчтыкты жана өркүндөп өнүгүүнү камсыз кылуунун бекем пайдубалы экенин кошумчалады.

Жолугушууда президенттердин саммитинде карала турган маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG