Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:34

Моторлуу кайыктын арткы калагы эс алуучунун бутун тилип кетти


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Ысык-Көлдө аттракцион парашютун сүйрөгөн моторлуу кайыктын арткы калагы Орусиядан келген 1979-жылы туулган туристтин (аял киши - ред.) оң бутун тилип кетти. Окуя 15-июлда "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатынын жээгинде болгон. Жабырлануучу Чолпон-Атадагы ооруканага жаткырылган. Окуя милицияда каттоого алынып, тийиштүү экспертиза жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин 18-июлдагы маалыматы боюнча быйыл 6 ай ичинде өлкөдө жалпысынан 47 өзгөчө кырдаал катталып, өткөн жылга салыштырмалуу ал 51,5%га көбөйгөн. Өткөн 2021-жылы 31 жолу өзгөчө кырдаал катталган. Быйылкы болуп өткөн өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен 206 жаран каза болгон, алардын 188 COVID-19 илдетинен болсо, калгандары ар кандай кырсыктардан ажал тапкан. Ал эми материалдык чыгым 382 млн 788 миң сомду түзгөн.

XS
SM
MD
LG