Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:42

Орусия: коронавирус чектөөлөрүнө каршы чыккан ырчы 10 жылга камалды


Вадим Челдиев.
Вадим Челдиев.

Орусиянын Ростов облустук соту осетиялык опера ырчысы, коронавирус боюнча чектөөлөргө каршылык билдирген Вадим Челдиевди 10 жылга катаал режимдеги колонияга камакка алуу өкүмүн чыгарды. Прокуратура аны 11 жылга кесүүнү өтүнгөн эле.

Челдиев менен кошо кармалган Рамис Чиркинов менен Арсен Бесолов 8-8,5 жарым жылга камалды. Соттолуучулардын адвокаттары чечимди даттанарын маалымдашты.

2020-жылдын апрель айында Түндүк Осетиянын борбор калаасындагы Эркиндик аянтында митинг өтүп, ага 2,5 миңдей киши келген. Чогулгандар коронавирустан улам киргизилген чектөөлөргө каршы экенин айтышып, мындай аракеттердин айынан жумушсуз калганына даттанышкан. Аларды күч менен таркатуу маалында ондогон демонстранттар кармалган. 37 кишиге жапырт башаламандыкка катышуу, тартип коргоочуларга баш ийбөө жана кол салуу деген кинелер тагылган.

Каршылык акциясын социалдык тармактар аркылуу опера ырчысы Вадим Челдиев уюштурган. Ал дагы кийин кармалып, коронавирус тууралуу жалган маалыматтарды таркаткан жана милицияга кол салган деп айыпталган. Челдиев бул дооматтардын баарын четке кагып келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG