Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:53

Орусия украин журналисти Дмитрий Гордонго издөө жарыялады


Дмитрий Гордон
Дмитрий Гордон

Украиналык журналист Дмитрий Гордонго Орусияда федералдык издөө жарыяланды. Бул тууралуу “РИА Новости” маалымат агенттиги Орусиянын Ички иштер министрлигине таянуу менен кабарлады.

Издөө кылмыш ишинин алкагында экени маалым. Ал кайсы берене менен козголгону такталган жок.

Орусиянын Тергөө комитети мартта Гордонго каршы үч берене менен кылмыш ишин козгогон. Ага согушту тутантууга чакырык жасаган, улуттук белгилерине карата кастыкты козуткан жана орус армиясы тууралуу фейк маалыматтарды тараткан деген айыптар тагылган. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Гордон Орусиянын карапайым адамдарды бомбалоосу жана артиллериялык аткылоосу тууралуу атайылап жалган маалымат тараткан.

Апрелде Гордон Росфинмониторинг мекемесинин “террорчу жана экстремисттердин” реестрине киргизилди.

Дмитрий Гордон өзүнө Орусияда козголгон кылмыш ишин комментарийлеп жатып, “мен үчүн Орусияда кылмыш ишинин козголушу чоң сыймык жана чоң урмат-сый, демек, мен өзүмдүн жарандык жана адамдык милдетимди туура аткарып жатам” деп билдирген.

Ал - украиналык журналист, “Дмитрий Гордондо конокто” деп аталган программанын алып баруучусу, “Гордон” эл аралык интернет-басылмасынын башкы редактору. Саясат, маданият жана спорттун өкүлдөрү менен болгон көптөгөн маектердин автору. (ErN)

XS
SM
MD
LG