Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:25

Венедиктова Зеленскийдин чечимин талашпай турганын билдирди


Ирина Венедиктова.
Ирина Венедиктова.

Украинанын Башкы прокурорлук кызматынан четтетилген Ирина Венедиктова азырынча бул тууралуу эч кандай комментарий бербей турганын, кийин, анын макамын аныктоо маселеси жөнгө салынган соң гана кеңири маалымат берерин билдирди.

Өлкө президенти Владимир Зеленский 17-июнда Венедиктованы жана Украинанын Коопсуздук кызматынын башчысы Иван Бакановду иштен кетиргени маалым болгон жана ал аталган мекемелердин кызматкерлери Орусия менен кызматташкан ондогон учурлар бар экенин айткан.

Венедиктова 18-июлда "Фейсбуктагы" баракчасына бул маселени эч ким менен талкуулабаганын, азырынча комментарий берүү маалы эмес экенин жазып, Зеленскийдин чечимине каршы чыкпай турганын билдирди.

Президенттик администрациянын башчысынын орун басары Андрей Смирнов журналисттердин эгер териштирүүнүн жыйынтыгында эки жетекчинин кызматка кайра кайтышына шарт түзүлсө алар кайра келиши мүмкүнбү деген суроосуна жооп берип жатып «Биз мыйзамды сактаган өлкөдө жашайбыз, жана, албетте, андай болушу мүмкүн деп эсептейм" деп айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG