Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:04

Украиналык журналист: Бүгүнкү күн менен гана жашап калдык


Украинадагы Кривой Рог шаарынын көчөлөрүнүн биринде жолго жазылган жазуу. Сүрөттү СВОИ басылмасы тарткан.
Украинадагы Кривой Рог шаарынын көчөлөрүнүн биринде жолго жазылган жазуу. Сүрөттү СВОИ басылмасы тарткан.
Назгүл Коңурбаева
Назгүл Коңурбаева
Макаланын автору Назгүл Коңурбаева - экономика, финансы жана бизнес тармагындагы журналист. Capital KG медиа-компаниясынын жетекчиси. Коомдогу окуялар боюнча өз пикирин айтып келет.
  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

- Бул беш айдын ичинде көптөгөн украиналык аялдар сыяктуу мен да беш жылга картая түшкөнсүймүн, - украиналык журналист Юлия Емельянова менен узак маегибиз ушинтип башталды.

Юлия менен 2015-жылы Германияда өткөн адам укуктары жана демократия боюнча семинарда таанышканбыз. Крым аннексиясы жана "ЛЭР" менен "ДЭР" өздөрүн өздөрү республика жарыялангандан кийин бир жыл өткөн эле. Эсимде, анда Юлия орусиялык кесиптеши Павел менен орус тилинин грамматикасы тууралуу узакка талкууга түшкөн болчу. Орусиялык журналист “на Украине” болот деп талашса, Юлия грамматикалык жактан да, саясий жактан да “в Украине” туура болот деп белгилеген.

- Айтмакчы, мен Павел менен жазышып турам. Ал согушка каршы, ал тургай Украинаны колдоп бир нече макала да жазды, - деди Юлия ал орусиялык кесиптеши тууралуу.

Анан биз улуттук жана жарандык жеке идентификация туурасында сөз кылдык. Бул маселе Украинада согуш башталгандан бери мени жана Кыргызстандагы көптөгөн досторумду мурдагыдан да көбүрөөк ойлондуруп, тынчсыздандырып келет.

Юлия Емельянова уулу менен.
Юлия Емельянова уулу менен.

- Мен өзүмдү жаш муундун өкүлү катары эсептейм, 33 жаштамын. Ошондуктан жеке идентификация этабы мен үчүн мектепте эле өткөн,– деп сөзүн улады Юлия.

- Мектепте да, университетте да мен өз өлкөмдүн аң-сезимдүү түрдө кайра калчанган тарыхын окудум. Мен орус тилдүү чөйрөдө өстүм жана украин тилине караганда орусча көбүрөөк сүйлөчүмүн. Бирок ага карабай, дайыма өзүмдү украин деп билчүмүн, эч качан Советтер союзуна ашык болчу эмесмин, эч качан Орусияда жашагым келчү эмес, ал турсун Европада дагы... Мен дайыма өз мекенимде жашагым келчү, азыр да жашагым келет. Андыктан бул согуш алааматы менин жеке идентификацияма эч таасир эткен жок, анткени мен өзүмдү дайыма эркин, көз карандысыз Украинанын жараны катары сезип келгем. Өз тагдырын өзү чече алган: кандай бийлик болушун каалайт, ким менен өнөктөш болгусу келет, ким менен иштешкиси келбейт, кандай биримдиктерде болгусу келет ж.б. чечимдерди өзү кабыл алган өлкөнүн жараны катары сезчүмүн.

Менин оюмча, менин элим согушка чейин эле жеке идентификациянын узак жолун басып койгон. Бул жараяндар Крым аннексиясына чейин эле башталган. Бирок, андан кийинки окуялар украин калкынын жеке идентификация жараянын тездетти жана Орусиянын толук масштабдуу кол салуусу, албетте, аны толугу менен жыйынтыктады, — дейт Юлия.

Биз Юлия менен болгон маекте өз суверендүүлүгүн коргой ала турган аң-сезимдүү коом туурасында талкууладык. Украиналык журналист өз калкынын эр жүрөктүүлүгүнө сыймыктанаарын айтты.

Бирок, алар өз көз карандысыздыгын колдоруна автомат кармап алып коргоого аргасыз болуп жатат, бул туура эмес.

Биз мунун баары биздин өткөнкү тарыхыбызга байланыштуу орун алып жатканы тууралуу сүйлөштүк, биздин өлкөлөр Советтер союзунун субъектиси болуп, баары Москванын колунда эле. Эми болсо биз өз көз карандысыздыгыбыз үчүн күрөшүшүбүз керек.

- Негизи, мамлекеттердин чек арасы бар болгону жана аны эл аралык келишимдердин негизинде эч ким бузбаганы кадыресе эле көрүнүш, — деп белгилейт Юлия, буга макул болбой коюу кыйын.

Юлия Емельянова Кривой Рог шаарында жашайт — президент Зеленскийдин кичи мекени. Украинанын түштүк-чыгышындагы шаар.

- Фронт линиясы биздин шаардан дээрлик 50 чакырымдай аралыктан эле өтөт, — сөзүн улады Юлия, — соңку ок атуулар ушул ишемби күнү эле орун алды (түшүндүрмө: 9-июль, 2022-ж.). «Смерч» менен аткылашты (түшүндүрмө: 9К58 «Смерч» — советтик жана орусиялык залп ок чыгара турган 300 мм калибрдеги реактивдүү система), турак жайларга тийди, эки аял каза болду, жаракат алгандар бар, талкаланган үйлөр, имараттар, унаалар жөнүндө айтпай эле коёюн… Биздин райондун түштүк бөлүгү көп зыянга учурады, анткени фронттук линия менен дээрлик чектешет. Ал жакта күнүгө эле ок атуулар, талкаланбаган үй калган жок, ал айылдардын дээрлик бардык жашоочулары башка жакка көчкөнгө аргасыз болушту…

Кривой Рогго ташталган кассеталык бомбанын майда калдыктары. Сүрөттү СВОИ басылмасынын журналисти тарткан.
Кривой Рогго ташталган кассеталык бомбанын майда калдыктары. Сүрөттү СВОИ басылмасынын журналисти тарткан.

Согуш башталганда Юлия өз шаарын таштап кетүүгө мажбур болгон. Эки ай эки жашар баласы менен Румынияда жашаган.

- Согуштук аракеттердин картасын карай турган болсок, Криворожск багытын көрүүгө болот, башкача айтканда, менин шаарымды көздөй басып киришкен. Уулумдун коопсуздугу үчүн мен чыгып кеттим, жолдошум, албетте Украинада калды, - деп айтып берди Юлия.

Баарлашуу учурунда Юлиянын анын өлкөсүндө, өз шаарына жакын жерде жүрүп жаткан согуш туурасында жайбаракат сөз кылып отурганы мени таң калтырып жатты. Ал менин таң калганымды байкап отурду.

- Мен азыр сени менен жайбаракат сүйлөшүп отурганымдын себеби, менде кабыл алуу этабы өттү,— деп түшүндүрдү ал. — Мен кырдаалды кабыл алдым, албетте, баш ийген жокмун, бирок менин өлкөмдө согуш болуп жатканына көндүм. Мен жашаган шаардан алыс эмес жерде согуш жүрүп жатканын кабылдадым. Менин чемоданым дайым даяр, унаамдын майы дайыма толтурулган. Азыр бир аз тынчып калдым, жок дегенде ок атуулар башталса эмне кылышты билем. Ал эми согуш башталганда баарыбыз тумандагыдай эле болчубуз, эмне кылаарыбызды билбейбиз. Корктук, тынчсыздандык, эмне болуп жатканы түшүнүксүз …

Башында ал согуш болуп жатканына ишенген эмес. Андан соң баары жакында чечилет деп үмүттөнүп, өзүн тынчтандырып, ошол бойдон ишке ашпай калган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө ишеним арткан. Мына баары эми бүтчүдөй сезилген экен.

- Азыр болсо, согуштун бешинчи айы, бул узак болорун түшүнүп калдык. Кышка чейин бүтпөйт го, балким бир нече жылга созулушу да мүмкүн, — мурдагыдан да жайбаракат, бирок кайгылуу үн менен Юлия сөзүн улады. Менин шаарым Украинага тийиштүү болуп калабы же баскынчылырга өтөбү, эгер алардын колуна өтсө эмне кылабыз? Калабызбы же кетебизби? Кайда кетебиз? Бирок, бул нерселердин баарын жайбаракат кабылдап калдык. Коркунуч келсе кайда жашынаарды билесиң. Тамак-аштын запасы даярдалган.

Юлиянын айтымында, азыр көптөгөн украиналыктар коркунучтуу реалдуулукка ыңгайлашуунун аракетин көрүп жатышат. Үмүт же көңүл калуу сыяктуу абстрактуу сезимдер басаңдап, бир күн менен жашап баштайсың. Узакка созулган согуш шартында күнүгө согуш бүтөт деп үмүттөнүү, ойлонуу эмоционалдык жактан абдан кыйын дейт Юлия. А согуш болсо дале бүтпөйт…

Мен өзүм үчүн мындай деп чечтим: мен бул өлкөдө жашайм, мен Украинаны сүйөм, мен журналист болуп иштейм, салык төлөйм, армияга жардам берем. Мындай шартта ойлоно баштайт экенсиң, менден дагы кыйын абалдагыларга жардам берүү үчүн мен эмне кыла алам. Бир күн менен жашоо – бул да өзүңө аяр мамиле кылуунун бир амалы, анткени күтүү адамды аздап өлтүрө берет. Ошондуктан, мен ушул жерде, ушул учур менен жашайм жана аракеттенем. Мен биздин жеңишибизди каалайм, Украина тик туруп берсе деп тилейм! Мен өз өлкөбүздүн аймактык бүтүндүгүн коргоп калсак экен дейм. Жана бул үчүн бардык украиналыктар сыяктуу эле болгон күчүмдү жумшайм.

XS
SM
MD
LG