Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:30

13 жашар кыздын зордукталышына байланыштуу милиция жетекчилерине сөгүш берилди


 Аялдар менен балдарга жасалган зомбулукка каршы акция. Бишкек, 8-июль, 2022-жыл.
Аялдар менен балдарга жасалган зомбулукка каршы акция. Бишкек, 8-июль, 2022-жыл.

13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан милиция кызматкерлерине байланыштуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн эки орун басарына сөгүш берилди. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков 18-июлда маалымат жыйынында билдирди.

5-июлда "Кылым шамы" бейөкмөт уюму Ички иштер министрлигинин алдына 13 жаштагы кыздын укугуна байланыштуу пикет уюштурган. Ага катышкан активисттер жана укук коргоочулар Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышкан. Алар Ниязбеков ишке келгенден бери адам укуктары, өзгөчө кыз-келиндер менен балдардын укуктары тебеленген учурлар арбыганын белгилешкен.

13 жашар кызга байланыштуу акыркы соттун отурум 12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда уланган. Ага чейин жабыркаган тараптын адвокаттары иш менен таанышууга убакыт сурашкан. Коомдо ири резонанс жаратып, аялдардын жана балдардын бузулуп жаткан укуктары тууралуу талкууну күчөткөн ал күнкү соттук териштирүүгө эки институттун - Омбудсмендин жана Балдар омбудсменинин өкулдөрү киргизилген эмес. Судья алардын киргизилбегенин жана сотту жабык өткөрүп жатканын мыйзамдардагы нормалар менен негиздеген.

Ага чейинки соттук териштирүү 8-июлда болгон. Анын маалында сот имаратынын тышында укук коргоочулар, активисттер 13 жашар кызды зордуктоого айыпталып жаткандарды катуу жазалоону талап кылышкан.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө макала жарыялаган. Кылмыш иштин алкагында эки милиция кызматкери жана эки жаран айыпталууда. Алардын бири мурда соттолгон.

7-июлда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасында мамлекет башчысы Садыр Жапаров балдарга карата зомбулукту кескин сындай турганын билдирген. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров дагы окуяга баа берип, милициянын курамында да "мындай айбандар бар экен, биз аларга каршы күрөшүп жатабыз" деген болчу.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы 18-28-июль күндөрү бардык министрликтер алты айдын жыйынтыгы тууралуу коомчулукка отчет берерин кабарлаган. (TSh/KO)

XS
SM
MD
LG