Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:23

Чугуев шаарында орус аскерлеринин аткылоосунан үч адам мерт болду


Орус күчтөрү "атайын аскердик операция" деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирген.
Орус күчтөрү "атайын аскердик операция" деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирген.

Украинанын Харьков облусуна караштуу Чугуев шаарында ишембиде, 16-июлда эртең менен орус аскерлеринин аткылоосунун бир үй жарым-жартылай кыйрады. Анда үч адам мерт болуп, дагы үчөө жараат алды.

Ошондой эле Днепропетровск облусундагы Никополь кварталы дагы аткыланганы, учурда куткаруу-издөө иштери уланып жатканы кабарланды. Ага ылайык, 15 кабаттуу үй, мектеп жана орто окуу жайдын имараты жабыркады. Айрым бир маалыматтарга караганда урандылардын алдында кеминде эки адам болушу мүмкүн. Жараат алган бир аял ооруканага жеткирилди.

Ишембиде таңга маал Одесса да дагы жарылуулар болду жана шаарды коюу түтүн каптады. Баштапкы маалыматка ылайык, мерт болгондор, жабыркагандар жок. Орусия аткан ракет кампага тийген.

Орус күчтөрү "атайын аскердик операция" деген жүйө менен 24-февралда Украинага басып кирген. Беш айдан бери уланып жаткан согушта эки тараптан тең аскерлер жана жайкын тургундар арасында миңдеген курмандыктар катталды.

Апта башында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар агенттиги Орусиянын баскынчылыгы менен согуш башталгандан бери Украинадан тогуз миллиондон ашуун адам коопсуз жактарга баш калкалоо үчүн чыгып кеткенин билдирген.

XS
SM
MD
LG