Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:23

Төө-Ашуудагы тоннелде кайрадан чектөөлөр киргизилет


Кусеин Көлбаев атындагы тоннел. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын сүрөтү.
Кусеин Көлбаев атындагы тоннел. "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын сүрөтү.

Бүгүн, 15-июлдан 17-июлга чейин Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу тоннелинде автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Тоннел электр зымдарынын алмаштырылып жана шамалдаткыч системанын оңдолуп жатканына байланыштуу күнүнө бир нече саатка жабык болот. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" ишканасы маалымдады.

5-июлдун кечинде тоннелдин ичинде Lexus 470 автоунаасы өрттөнүп, ичиндеги эки адам коопсуз жайга чыгарылган. Машиненин өрттөнүп кетишине ага жакында эле орнотулган газ жабдыгы себеп болушу ыктымалдыгы айтылган.

Тоннелдин эки тарабы тең убактылуу жабылып, кийин ачылган. 10-июлга чейин маал-маалы менен жабылып турган.

Кусеин Көлбаев атындагы тоннел - Бишкек-Ош жолундагы жана жалпы эле Кыргызстандагы тоо тешкен тоннелдердин эң узуну. Анын узундугу үч чакырымга жакын. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

Тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы Түштүк Кореянын “Самсунг” компаниясы аны реконструкциялаган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG