Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:11

Genocide Watch: Тоолуу Бадахшандын тургундары куугунтукка кабылды


Май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон нааразылык акциясын бийлик күч менен таркаткан. 2022-жыл. Коллаж.
Май айында Тоолуу Бадахшан автоном облусунда болгон нааразылык акциясын бийлик күч менен таркаткан. 2022-жыл. Коллаж.

Дүйнөдөгү геноцид окуяларына көз салган Genocide Watch уюму Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун тургундарды расмий Дүйшөмбү куугунтуктап, басмырлап, камап жатканын билдирди. Май айында бийликтин «антитеррордук операциясынын» жүрүшүндө расмий маалыматтарга караганда ондон ашуун жергиликтүү тургун жок кылынып, жүздөн ашык кармалган.

Genocide Watch тараткан билдирүүнүн авторлору тажик бийлигин этникалык памирликтерди куугунтуктап, коркутуп-үркүтүп, камап жатканы үчүн айыпташкан.

Анда белгиленгендей, Тажикстандын күч структуралары Москвадагы бадахашандык активисттерди мекенинде көп жылга эркинен ажыратыш үчүн уурдап кетишүүдө.

Расмий Дүйшөмбү азырынча Genocide Watch уюмунун айыптоосуна үн ката элек. 18-июнда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Дангарин районундагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолукканда «куралчан адамдарды жок кылуу буйругун бергенин», анткени «башка аргасы болбогонун» билдирген.

«Алар ар дайым Бадахшан элинин атынан тиги же бул ишке барып жатышканын айтып келишти... Бирок андай эмес. Биз бул маселени так түшүнүп, өзгөчө мамиле кылышыбыз керек. Мен жеке өзүм бул кырдаалды башкача кабыл алам», - деп кошумчалады Рахмон.

Тажик президенти өзү келтирген айыптоолорду кайсы бир далилдер менен негиздеген эмес.

Тоолуу Бадахшандагы кырдаал былтыр кеч күздө курчуп кеткен. Күч түзүмдөрүнүн операциясында Рошткала районунун тургуну Гүлбиддин Зиёбеков өлтүрүлгөндөн кийин эл көтөрүлүп, төрт күн тарабай коюшкан. Аларды күч менен таркатуу аракетинде дагы эки адам каза болуп, 17си жараат алган. Чогулган эл бийлик Зиёбековдун өлүмүн иликтеп, митингчилерди жоопко тартпоону убада кылгандан кийин гана тараган. Ошондон бери бийлик өз убадасына турбай, тескерисинче жергиликтүүлөрдү куугунтуктоону уланткан. Буга каршылык билдирип, быйыл 14-майда Хорог шаарында жүздөгөн адам кайрадан нааразылык акциясына чыгышкан. Алар автоном облустун башчысын жана мэрди кызматтан кетирүүнү, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну талап кылышкан.

Көп узабай тажик бийлиги чөлкөмдө “антитеррордук операция” баштаганын маалымдап, “ондон ашуун жоочу жок кылынганын, он бири жарадар болгонун” маалымдаган. Жүздөн ашуун адам кармалганы ырасталган. Жергиликтүү жашоочулар каза тапкандар мындан да көп экенин айтышат. Ошол күндөрү аймакта интернет байланышы өчүрүлгөн. Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстандын президентин Тоолуу Бадахшан автоном облусунда каршылык акцияларынын катышуучуларын куугунтуктоодон алыс болууга чакырган.

Тажикстандын расмий бийлиги нааразылыкка чыккандарды аймакта абалды туруксуздаштыруу үчүн чет жактан тапшырма алганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү деп атаган.

220 миңдей калкы бар Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жалпы аянты Тажикстан аймагынын дээрлик жарымын түзөт.

Тажикстандын башка аймактарындагы суннит багытын кармангандардан айырмаланып Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жашоочулары Исламдын шийи агымын тутунган исмаилиттер болуп саналат. Исмаилиттерде лидерлик мураска калат жана Ага-Хан тукумдары алардын түбөлүк имамы болуп саналат.

Genocide Watch Евробиримдикке, АКШ жана НАТОго кайрылып, Тажисктандагы тоолуу бадахшандыктарды болгон куугунтуктоого тыкыр көз салууга чакырды. Ошондой эле Орусияга каршы санкцияларды киргизгенде Борбор Азия мамлекеттеринин экономикасына жардам көрсөтүү жагын ойлонууга да үндөдү.

Genocide Watch 1999-жылы түзүлгөн Геноцидге каршы альянсты координациялаган уюм. Ал эми бул альянс тукум курутту болтурбоого багытталган элүүдөй кыймыл-уюмдун башын бириктирет.

XS
SM
MD
LG