Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:31

Next TVнын директорунун иши сотко өттү


Таалай Дүшөмбиев.
Таалай Дүшөмбиев.

Next TV телеканалынын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин иши сотко өтүп, баштапкы соттук угуу 14-июлда болот. Беш айдан бери камакта отурган Дүйшөмбиевге "улут аралык кастыкты козутуу" деген айып тагылган.

Next TVнын директору Таалайбек Дүйшөмбиевдин камалышына телеканалдын Инстаграм баракчасына жарыяланган эки маалымат себеп болгон.

Тергөө "телеканал Кыргызстан Украинага согуш ачкан Орусияга аскердик жардам бере турганы жөнүндө такталбаган маалыматты жарыялаган" деп эсептейт.

Next TV мындай мазмундагы биринчи кабарды Казакстандын коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчисине шилтеме берип жазганын айтып келет.

Next TV телеканалынын директорунун камалышына себеп болгон кыска кабардын бири.
Next TV телеканалынын директорунун камалышына себеп болгон кыска кабардын бири.

Экинчи иш деле Украинадагы согушка байланыштуу. Next TV өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына орусиялык жарандык активист Валентина Чупиктин “Апрель” каналына курган маегинен үзүндү жарыялаган.

Анда орус армиясы теги кыргызстандыктарды келишим түзүүгө үгүттөп жатканы жазылат.

Адвокат Тимур Султанов УКМК Таалай Дүйшөмбиевдин күнөөсүн далилдей албаганын айтууда.

“Тергөө Таалай Дүйшөмбиевди алдын ала күнөөлүү деп таап, бир тараптуу иликтөө жүргүздү. Биздин келтирген жүйөлөрүбүзгө, документтерибизге баа берилген жок. Алар ишке көз карандысыз экспертизанын жыйынтыгын тиркебей коюшту. Аны камап турганга салмактуу далилдер болуш керек эле. Бирок тергөөчүлөр бул кадамын негиздеп бере алышкан жок. Мындай Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу болуп жатат. Бул берене менен журналист же каналдын жетекчиси айыпталган эмес. Мындан кийин бир макала же видео үчүн каалаган журналистти камап коюшат. Бул прецедент болуп калат”.

Next TV каналынын директору кармалган 3-мартта телеканалдын кеңсеси да жабылган. Анын кызматкерлери керектүү техникаларды, жеке оокаттарын азыркыга чейин ала албай келет.

Next TV - Кыргызстандагы көз карандысыз телеканалдардын бири. Соңку бир нече жылдан бери коомдогу саясий окуяларды түз чагылдырып, бийликти сындаган берүүлөрдү да чыгарып келген. Телеканалдын эфиринен эл аралык маалымат каражаттарынын берүүлөрү да көрсөтүлүп турчу.

"Некст ТВга" ээлик кылган саясатчы Равшан Жээнбеков телеканал жазган кыска кабар тастыкталып жатканын, буга согуштан теги кыргызстандык алты кишинин сөөгү мекенине келгени далил экенин айтат.

Равшан Жеенбеков.
Равшан Жеенбеков.

“Дүйшөмбиевдин камалышынын эки негизги себеби бар. Биринчиден, Орусиянын Украинадагы агрессиясы. Next TV бул согушта тынчтык тарапты, адилеттүүлүктү колдоп келген. Биз орустардын агрессиясына ачык айтып жатканбыз. Экинчи себеби менин саясий позицияма байланыштуу. Анткени менин оппозициялык көз карашым бийликке, анын ичинен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жакпай атат. Ал буга чейин бир нече жолу киши салып, “каналдын саясатын өзгөрт, жап” деп айттырып жүргөн. Мен аларды уккан жокмун”.

Азыркы учурда Равшан Жээнбеков жана анын жакындары бир нече кылмыш ишинде айыпталуучу катары өтүп жатат. Саясатчы бул иштер саясий негизде козголгонун айтып келет.

30-июнда социалдык тармактарда Адилет Балтабай деген ысым менен белгилүү блогер, Next TV телеканалынын штаттан тышкаркы кабарчысы Адилет Али Мыктыбек кармалып, соттун чечими менен 29-июлга чейин камалды. Ал “Массалык башаламандыкка чакыруу” беренеси менен айыпталып жатат.

Адилет Балтабай Фейсбуктагы баракчасынан Бишкектеги митинг, пикеттерди түз чагылдырып турчу. Активист камалганга чейин бийлик бир нече жолу эскертүү бергенин айтып жүргөн.

Анын адвокаты Акмат Алагушев мындай маалымат берди:

Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.

“Адилет Балтабай кармалгандан бери тергөө иш-чаралары жүрө элек. Биздин катышуубузда сурак да болгон жок. Жөн эле кармалып турат. Ишти УКМК козгоп, кийин ИИМге өткөрүп берген. Адилет деле социалдык тармактарга жазган посттору үчүн камалды. Ал жерде бийликти басып алууга болгон чакырык жок. Билдирүүлөрдүн көбүндө бийлик сынга алынган экен. Анын эмнеси жаман?”.

Соңку учурларда журналисттер, социалдык тармактын колдонуучулары УКМКга суракка чакыртылып жатат. Мындан тышкары алардын социалдык түйүндөрдөгү аккаунттарын, электрондук почталарын, мессенжерлерин белгисиз кишилер бузуп кирүүгө байма-бай аракет кылып жаткан фактылар бар.

Май айынынын башында "Медиа полиси институту" Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына тынчсыздануусун билдирип, бийликти демократиядан тайбоого чакырган.

Журналисттер союзунун төрагасынын орун басары Курманбек Раматов сөз эркиндиги боюнча буларды айтты:

“Таалайбек Дүйшөмбиевди үй камагына чыгарып деле ишти тергесе болот. Ошол эле маалда сөз эркиндигинин жоопкерчилигин сезе билишибиз керек. Ушул өңүттөн алып караганда чала жактарыбыз бар. Жалпысынан алганда журналисттерге кысым болуп жатат деп айтууга болбойт. Өзгөчө эл аралык, согуш темаларын чагылдырууда кылдаттык керек. Кандайдыр бир жеке максатта даярдалып жаткан маалыматтар бизге утуш бербейт. Кандай болгон күндө да бийлик менен журналисттер бирге иштеш керек”.

Буга чейин президенттик администрациянын маалымат саясаты кызматынын жетекчиси Алтынбек Жумаев бүгүнкү бийлик Кыргызстандагы маалымат каражаттарын "өз жана бөтөн" деп бөлбөй турганын айткан эле.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG