Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:54

Секелектин зордукталышы боюнча сотко эки институттун өкүлү киргизилген жок


Зомбулукка каршы соттун алдына акцияга чыккандар. 8-июль, 2022-жыл.
Зомбулукка каршы соттун алдына акцияга чыккандар. 8-июль, 2022-жыл.

Бүгүн, 12-июлда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча жараян өтүп жатат. Бул ишке эки милиция кызматкери жана мурда соттолгон бир киши айыпталууда.

Отурумга Акыйкатчы институтунун жана Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү киргизилген жок. Сот жабык өтүп жатат. “Азаттыктын” журналисти жеринен кабарлагандай, азырынча соттон алардын эмнеге киргизилбегени боюнча түшүндүрмө боло элек.

8-июлдагы отурумда дагы Акыйкатчы институтунун өкүлү киргизилген эмес. Анда судья Азиз Эшалиев Акыйкатчынын өкүлү сотко катышуусуна айыпталуучу тарап каршы болгонун жүйө келтирген.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Анда Бишкектин Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган эки милиционердин жана мурда соттолгон бир адамдын үстүнөн териштирүү жүрүп жатканы, ушул эле иш боюнча Биринчи Май райондук милициясы да бир кишинин ишин тергеп жатканы баяндалган. Кыздын ата-энеси айыптуулар жоопкерчиликтен кутулуп кетпейби деп кооптонууда.

Иш боюнча алгачкы отурум Свердлов райондук сотунда 14-июнда болуп, жабыркаган тараптын өкүлдөрү суралгандан бери отурум үч жолу башка күнгө жылган. (TSh\ZKo)

XS
SM
MD
LG