Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:28

Киев Улуу Британиянын жардамы улана берерине үмүттөнөрүн билдирди


Борис Жонсон Киевде. 2022-жылдын 17-июну.
Борис Жонсон Киевде. 2022-жылдын 17-июну.

Украина Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун кызматтан кеткени тууралуу жаңылыкты кейип кабыл алганын украин президентинин кеңсеси 7-июлда билдирди. Билдирүүдө Киев Жонсон Украинага көрсөтүп келген колдоо мындан ары да улана берерине үмүттөнөрү белгиленип, «Улуу Британиянын колдоосу улана береринен күмөнүбүз жок, бирок сиздин жеке лидерлигиңиз жана харизмаңыз ал колдоону өзгөчө кылып турчу эле» деп айтылды.

7-июлда эки өлкөнүн лидерлери телефон аркылуу сүйлөшүп, Жонсон Украинанын президенти Владимир Зеленскийди баатыр деп атады жана Улуу Британияда Украинаны колдой турган ички партиялык бекем багыт бар экенин айтты.

Британ тарап Украинага канчалык жардам зарыл болсо, ошончолук колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Жонсон кызматынан жана башкаруудагы Консервативдүү партиянын төрагалыгынан кеткени 7-июлда жарыяланды. Ага нааразылык бир нече жаңжалга байланыштуу күчөгөн. Кабинеттин мүчөсү эки эркек кишиге асылганы ачыкка чыккандан кийин Жонсонго буга чейин да ушундай жорукка барган адамды жогорку кызматка дайындаган деген доомат артышкан. Андан тышкары өкмөт башчы өзү коронавирус күчөп турган маалда карантин эрежелерин бузуп, резиденцияда отуруш өткөргөн деп айыпталган. Жонсон партияны жана өкмөттү 2019-жылдан бери башкарып келген.

XS
SM
MD
LG